Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-март
Ош облусу, Ош 07.01.2019 12:07

Оштогу эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеште кара-таштык жаш балбандар алдыңкы орунга ээ болушту (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарында өткөрүлгөн эл аралык мелдеште Ноокат районунун Кара-Таш айылындагы спорттук клубу эркин күрөш боюнча алдыңкы орундарды багындырды. Бул тууралуу «Кара-Таш» спорт клубунун машыктыруучусу Талант Эржигит уулу маалымдады.

Мелдешке коңшу Тажикстан, Өзбекстан мамлекеттеринен жана Кыргызстандын жети облусунан жаш өспүрүмдөр катышышты.

«Эл аралык мелдешке Тажикстандан 3 команда, Өзбекстандан 2 команда келди. Эс алуу учуру болгондуктан биздин спорт клубдан 5 гана бала катыша алды. 17 жаштан төмөнкү жаштагылар катышып, биздин балбандар 1-3-орундарды камсыз кылышты. 55 килограмм салмакта Курбанали Өмүрзаков 1-орунду, Эржигит Жаңыбаев 3-орунду алды. Сыйлыкка медаль, грамота жана үй-тиричилигине керектүү буюмдар тапшырылды. Эми Кыргызстандын биринчилигине ушул балбандарды даярдайбыз», - деди Талант Эржигит уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.45% (107)
«Банк Компаньон»
18.63% (38)
«РСК Банк»
11.76% (24)
...
Всего голосов: 204
×