Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ош облусу, Ош 07.01.2019 09:08 На русском

«Аялды түкүргөндүгү үчүн кармашкан эмес»: Милиция интернеттеги видео боюнча жооп берди

Turmush -  Интернетте «түкүргөндүгү үчүн кармалды» делген аялдын видеосу боюнча туура эмес маалымат таратылып жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, окуя Ош облусунун райандорунун биринде болгон. Анда соцтармакта айтылгандай аялды түкүргөндүгү үчүн эмес, анын күйөөсү өрт кооптуулугу жаралуучу жерде тамеки чеккендиги үчүн кармалган. Күйөөсүнө түшүндүрүү үчүн милициянын таяныч пунктун көздөй бара жаткан кезде анын достору түшүнбөстүктөн тоскоолдук кылышып, видеого тартып, туура эмес маалымат таркатышкан. Ал адамга милиция тарабынан белгиленбеген жерде тамеки тартып, өрт кооптуулугун жараткандыгы үчүн эскертүү берилген. Милиция кызматкерлеринин аракети мыйзам чегинде бузуулардын бирдиктүү реестрине катталган. Кармалган адам эскертилгендиги боюнча керектүү документке кол коюп бергенден соң үйүнө кое берилген.

Милиция кызматкерлери жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, мыйзам чегинде иш алып барууда. Айрым учурда башка адамдар милициянын кесиптик милдеттерин аткарганга тоскоолдуктарды жаратып, жагдайга баа бербестен дароо видеого тартып, туура эмес маалыматтарды таркатышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×