Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ош облусу, Ош 05.01.2019 18:18 На русском

Ошто 44 жаштагы таяке жээнин бычактап өлтүрдү

Turmush -  Ош облусу боюнча 5 күндүн ичинде 175 окуя катталды. Анын ичинен 75и ар кандай кылмыштар болсо, бири адам өлтүрүү фактысы болгон. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдирди.

Ош облусунун аймагында 2019-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирген жаңы Жазык кодексин, Жоруктар жөнүндө кодексин, Жазык-процесстик кодексин, Жазык-аткаруу кодексин ишке ашыруу үчүн укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн координациялап, көзөмөлдөөчү жана методикалык жактан көмөктөшүү үчүн түзүлгөн штаб мүчөлөрү Ош облусунун бардык райондорун кыдырышып, жеринде пайда болгон кемчиликтерди жоюуга көмөктөшүп, методикалык жардамдарды беришүүдө. 5-январь күнү Ош облустук штабынын башчысы, облустук прокурордун орун басары Сүйүндүк Мамыров, штабдын мүчөсү, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматынын начальниги, милициянын полковниги Мирлан Насыров Кара-Кулжа, Өзгөн райондорунда болушту. Мындагы кылмыштардын, жоруктардын жана бузуулардын бирдиктүү реестринин иштөөсү үчүн жабдылган техникалардын абалын, ошондой эле реестирди ишке ашырып жаткан адистердин шартын көрүштү. Жаңыдан ишке ашып жаткан мыйзамдарда талаш жараткан маселелер боюнча юридикалык кеңештерин берип, тажрыйбалары менен бөлүшүштү. 1-январдан 5-январь аралыгында Ош облусунун аймагында кылмыштар, жоруктардын бирдиктүү реестрине 174 окуя катталган. Анын ичинен кылмыштар - 75, жоруктар - 25 болгон. 74 окуя учурда иликтенүүдө. 75 кылмыштын ичинен 1 адам өлтүрүү фактысы катталган.


Маалым болгондой, 4-январда Кара-Кулжа районунун Алайкуу өрөөнүндө таяке менен жээн сөз талашып уруша кетишкен. Андан соң 1974-жылы туулган таякеси 1983-жылы туулган жээнине бычак сайган. Натыйжада жээни кансырап ошол жерден көз жумган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×