Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Ош облусу, Ош 05.01.2019 12:05

Үй-бүлөнү кантип багабыз? Оштун Б.Осмонов көчөсүнө аллея куруу демилгесине андагы дүкөндөрдү иштеткендер нааразы (фото)

Turmush -  Ош шаарынын Б.Осмонов көчөсүнө аллея куруу демилгесине андагы дүкөндөрдү иштеткендер нааразычылык билдирип жатышат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы кабарлады.

Соодагерлердин айтымында, мэриянын дүкөндөрдү алдырып, аллея куруу планына андагы бар экени буга чейин эле белгилүү болгон. Аллея куруу боюнча мэриянын буйругу 8-январда күчүнө кирет. Алардын соода күркөлөрү алынса 500гө жакын адам жумушсуз калат.

Аталган жайда 7 жылдан бери соода кылган Сайра Эргешова «мэрия кошумча жай таап берип, анан соода күркөлөрү жылдырылса жакшы болот эле» деген пикирин билдирди.

«Элге жумуш орундары түзүлүшү керек. Алгач завод, фабрика дегендерди куруп, элди жумуш менен камсыздап, анан ушуга окшогон соода күркөлөрүн жылдырып, өздөрү каалаган нерсесин куруп алсын. Бул жерде канчалаган адам жумуш менен камсыз болгон. Ар ким алына жараша банктан насыяга акча алышкан. Эгер бул жай көчүрүлө турган болсо эл жумушсуз калып, банктан алган акчаларын кантип төлөйт. Менин бул жайда иштеп жатканыма 7 жыл болду. Албетте мен да ушул жайдан акча таап, күн көрөм», - деди Эргешова.

Соодагерлердин белгилешинче, Б.Осмонов, Көкүм бий көчөлөрүндө жайгашкан соода күргөлөрүнүн саны 200гө жетет. Ар бир соода күркөсүнөн кеминде бир нече адам пайда көрөт. Айрым күркөлөрдө соода аз болгондуктан 24 саат иштөөгө мажбур. Мындан улам 1 дүкөндү 2 үй-бүлө кезек менен иштетишет.

«Элде акча жок. Жумуш орун дегендин өзү жок. 200дөй адамдын күркөсү коюлганы менен 1000ге жакын адам иштейт. Бир соода күркөсүнөн 3-4 үй-бүлө пайда табабыз да. Анан өкмөттөн 1 сом акча алышпайт. Биз деген өзүбүздү-өзүбүз багып жашап жатабыз. Анан эми аллеяга деле каршы эмес элек. Бирок биздин негизги акча тапчу, үй-бүлөнү бакчу жерибиз ушул соода түйүндөрү болуп жаткандан кийин биз эмне кылышыбыз керек? Анан бул жай аллея боло тургандай деле шарт жок. Бул жолдон жалаң оор жүк ташуучу унаалар өтөт. Анан аллеяда кантип эс алат? Чынында эле эл эс алууну каалап жатышса ар бир көп кабатуу үйдүн алдында 3-4 сотых жерлер бош турат. Ошол жерлерге курдуруп, эс ала берсин. Өткөн күнү мэр көп кабаттуу 2 үйдүн алдын жасап тапшырбадыбы, ошондой кылышсын. Эми аллея куруу жөн эле бирөөнүн кызыкчылыгы болуп жатат. Анткени бул жайда соода жакшы болот. Мурун бул жайлар баткак, арык эле болчу. Менин ушул жайда иштегениме 21 жыл болду. Ошол убактарда эч нерсе жок болчу. Алгач столдордун үстүнө товарыбызды коюп алып сатчубуз. Ушул жылдарда канча мэр алмашты. Ар биринин талабын аткара берип ушул күнгө жеттик. Эми эле бирөөсү келип, көчүрөбүз дегенине таң калып жатам», - деди атын атагысы келбеген соодагер.

Шаардын вице-мэри Жасур Азимовдун маалыматында, аталган жайда 80ге жакын гана дүкөн бар. Мэрия ал дүкөндөрдүн кызыкчылыгын 3 кичи райондун кызыкчылыгынан жогору кое албайт.

«Ал жайда болгону 80дей эле соода күркөлөрү бар экен. Анын ээлери да ижарага берип, өздөрү иштетпейт экен. Мэр Ак-Тилек, Анар, Кулатов кичи райондун эли менен жолукканда алар да жашыл зона жок экендигин айтышып, аллея куруп берүүсүн суранышкан. Эми биз аларга алтернатива сунуштап, ошонун жаныдагы Барсбек айлампасынын жанында Кара-Суу районуна караштуу жерге көчүрсөкпү деген ой бар. Бирок азыр Кара-Суу району менен сүйлөшүү жүрө элек. 80дей соода дүкөндөрүнүн кызыкчылыгын 3 кичи райондун кызыкчылгынан жогору кое албайбыз да», - деди Азимов.

Буга чейин мурдагы мэрдин тушунда унаа тетиктер базары шаардын чет жакасына жылдырылган. Анда да соогарлер каршы болушкан. Анда мэрия унаа тыгындарын жоюу үчүн көчүү болгондугун билдирген. Акыркы жылдары Оштогу борбордук базарда өрт чыгуу коркунучу чыгып, мэрия соода күркөлөрүнүн ортосун кеңейтип, өрт өчүрүүчү унаа кирүүгө ыңгайлаштырган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.81% (816)
«РСК Банк»
31.57% (507)
«Капитал Банк»
5.79% (93)
...
Всего голосов: 1606
×