Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Ош облусу, Ош 04.01.2019 14:58

Ошто салмагы 100 килограммга жеткен теке багылууда (видео, сүрөт)

Turmush -  Ош шаарындагы Кызыл-Байрак айылынын жашоочусу асыл тукум кой-эчкилерди багууда. Жакында эле ал салмагы 100 кг, бою 86 см болгон текени сатып келген.

Аймактык кабарчы асыл тукум кой-эчкилердин ээси короону өзгөчө таза кармап жатканына да күбө болгон. Ал малды таза кармоочу жайды интернеттен көрүп жасаганын айтты.

Сарайга атайын мал кармоочу жай курулуп, ар бир бөлүгүндө 2-3-4 гана мал кармалат. Мал турган жай жерден 50 см бийик болуп, полу жыгачтан жасалган. Жыгачтардын аралыгы малдардын кыгы түшүп кете тургандай ачык болгондуктан малдардын асты ар дайым таза болуп турат. Учурда эчкилери күнүнө 3 литр сүт берсе, текелери 100 кг салмакка чейин эт берет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.81% (816)
«РСК Банк»
31.57% (507)
«Капитал Банк»
5.79% (93)
...
Всего голосов: 1606
×