Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Ош облусу, Ош 04.01.2019 12:35 Жаңыланды: 04.01.2019 13:24 На русском

Мас аял 8 айлык баласы менен кошо 4-кабаттан секирген: 3 баланын энеси 12 жылга камалды

Turmush -  Жатакананын 4-кабатынан 8 айлык баласы менен кошо секирген келинге (1978-жылы төрөлгөн) карата Ош шаардык соту өкүм чыгарды. Отурум 2017-жылдын 27-декабрында болгону соттун токтомунда айтылат.

3 баланын энеси 2018-жылы 6-сентябрь күнү саат 17:00 чамасында Ош шаарындагы Урицкий кѳчѳсүндѳ жайгашкан кѳп кабаттуу жатакананын 4-кабатында коридордун ачык турган терезесинен кулаган. Бул фактыга байланыштуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 28-97-беренесинин 2-бөлүгүндөгү 3-пункту (адам өмүрүнө кол салууга аракет кылуу) менен кылмыш иши козголгон болчу.

Соттун расмий токтомунда: «Соттолуучу Ч.А.Н. 2018-жылдын 6-сентябрында саат 16:30 чамасында алкоголдук ичимдик ичкен абалда, башка бирөөнүн өмүрүн кыюу максатында 2018-жылдын 21-февралында туулган баласы (уул бала) менен кошо Урицкая көчөсүнүн №6 үйүндөгү 4-кабатта жайгашкан No58 батиринин терезесинен боюн таштаган. Ал өзүн жана баласын өлтүрүүгө аракет жасаган.

Анын кесепетинен баласы денесинен жаракат алып, Ош облустук балдар ооруканасына жеткирилген. 2018-жылдын 21-ноябрындагы соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык:

- баланын баш мээси ачык түрдө жаракат алып;

- баш сөөгүнүн желке бөлүгү сынып;

- баш мээси 3-даражада эзилип;

- баш мээ кабыгынын үстүнө жана астына кан уюп калганы аныкталган. Бул жаракаттар оор дене жаракаттардын катарына кире тургандыгы көрсөтүлгөн.

Ал эми соттолуучу Ч.А. алган жаракат:

- кашка жилигинин моюнчасы жабык түрдө сынган;

- баш мээси жабык түрдө жаракат алып;

- баш мээси чайкалып;

- башынан жана оң тизе муунунан жаракат алган.

Жумушка жарамдуулугун жоготуусу ошол кезде 33% болуп, соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык окуя болгон учурда канынан спирт ичимдигинин концентрациясы табылган.

Соттук отурумда соттолуучу Ч.А. күнөөсүн мойнуна жарым-жартылай алып, өкүнгөнүн айтты», - деп айтылат.

Айыпталуучунун айтымында, 17 жыл мурда Өзгөн районунун 1981-жылы туулган тургуну А.Н. менен жарандык никеде жашап баштап, 3 балалуу болушкан (балдары 2007-жылы, 2008-жылы жана 2018-жылы 2-февралда төрөлгөн). Алар 5-6 жыл мурда Кара-Балта шаарына көчүп барышып, ижарага алган батирде жашап турушкан. Наабайканада иштеп жүрүшкөнүн, күйөөсү арак ичкендиктен үйүндө уруш чыкканын айткан.

Алардын улуу эки баласы Кайыңды шаарында жашаган кайын атасы менен кайын энесинин багуусунда болчу. Акыркы жолу 2018-жылдын 9-августунда күйөөсү менен урушуп, экөөнү ажыраткан кайын энеси келини менен кичүү небересин Ошко такси аркылуу кетирген. Ал Ош шаарында бир тууган эжесинин жатаканадагы батиринде жашап жаткан.

Ошол учурда турмуштан кыйналып арак ичип, мас абалда өзүн-өзү өлтүрүүнү чечкен. Ал эми 8 айлык баласын башка бирөөлөргө кор болбосун деп өзү менен кошо өлтүрүүнү ойлогон.

Ош шаардык сотунун судьясы айыпталуучу аялды КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренесиндеги 2-бөлүмдүн 3-пункту менен күнөөлүү деп таап, мүлкүн конфискациялоо менен 12 жылга эркиндигинен ажыратты. Ал жазасын эркиндигинен ажыратылган аялдардын түзөтүү абагында өтөй турган болду. Ал эми жаза өтөө мөөнөтү камакка алынган күндөн — 2018-жылдын 12-октябрынан тарта эсептелет.

Ош ШИИБ тастыктаган маалымат боюнча, жаракат алган наристе дарылануудан кийин чоң энесине өткөрүлүп берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.81% (816)
«РСК Банк»
31.57% (507)
«Капитал Банк»
5.79% (93)
...
Всего голосов: 1606
×