Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ош облусу, Ош 04.01.2019 09:43 Жаңыланды: 04.01.2019 11:25 На русском

Ошто 4 жолу талкаланган инсталляциянын үстүнө чыгып алган жигиттин сүрөтү

Turmush -  Ош шаарындагы «Семетей» сейил багындагы отургучтарды белгисиз адамдар сындырып кетишти. Ошондой эле шаардык скверде демилгелүү жаштар тарабынан орнотулган «Мен сени сүйөм, Ош» («I LOVE OSH») деп жазылган инсталляциянын үстүнө чыгып түшкөн жаш жигиттин сүрөтү социалдык түйүндөргө жарыяланып, талкууга алынды.

Ош шаардык жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комбинатынын маалыматы боюнча, шаардын көркүн бузган мындай адаттар тыйылбай келет. Аталган инсталляция буга чейин 4-5 жолу белгисиз адамдар тарабынан талкаланган.

«Cынган инсталляцияны акыркы жолу 2018-жылы жайында жеке ишкер айымдын колдоосу менен калыбына келтирип, аны күнү-түнү менен көзөмөлгө алуу үчүн видеокамера да орнотулган эле. Бирок кайрадан Murodjon_krg аттуу инстаграм колдонуучу жеке баракчасына жогорудагыдай сүрөтүн жүктөгөнү көпчүлүктүн кыжырын келтирүүдө. Албетте бирөөнү күнөөлөгөндөн алыспыз.

Жаңылануу менен жашылдандырууну жана көрктөндүрүүнү дээрлик шаарыбыздагы бардык сквер, парктарда жүргүздүк. Жашыл чөбү жок, отургуч, үкөк жана жарыктандыруудан кабары жок жаткан "Семетей" сейил багын биздин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты керемет жайга айландырды. Тилекке каршы кайдыгер жарандар жасап жаткан иштер жан кейитет. Жогорудагы сейил бактагы отургучтарга жазып, таякчаларын сындырып, түнкү жарыктарды талкалап, жоголуп кете тургансып жосунсуз жоруктары менен ар жерге аттарын жазган жаштарыбыз бар», - деди аталган чарба комбинаттын басма катчысы Иманбек Советбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×