Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-март
Ош облусу, Ош 02.01.2019 18:07

Эки кыздын өмүрүн алган кырсык: Ошто өрттөнгөн мейманкана буга чейин сойкукана болгон

Turmush -  Бүгүн, 2-январда Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов шаардык милициянын жетекчилиги жана тиешелүү кызматтардын өкүлдөрү менен жыйын өткөрүп, мейманканада болгон кырсык тууралуу маалымат алды.

Мэр көмүскө иштеп жаткан сойкуканаларга каршы жеткиликтүү иштер болбой жатканын сынга алды.

«Кырсык болуп же адам өлгөндө гана реакция кылыш керекпи? Алдын алуу иштери жакшы жүргүзүлбөй жатат. Ар бир сойкукана делген жерлерди катуу текшерүүгө алгыла. Рейддер тынымсыз болсун. Мыйзамга каршы келсе, ойлонбой жаап салгыла. Мыйзам толук иштеш керек», - деди ал.

Ал эми Ош ШИИБдин башчысы Мурат Боронов: «1-январга караган түнү эки кыз каза болгон жайдын администраторлоруна карата 2018-жылдын ичинде "Сойкулук жасоо үчүн көмүскө жайды уюштуруу" беренеси менен 6 ирет кылмыш иши козголуп, ал 6 жолу жабылган эле. Акыркы мезгилде сойкукана эмес, мейманкана катары иштеп жаткан. Ошентсе да аймактык милиция бөлүмүндөгү кызматкерлердин үстүнөн кызматтык иликтөө башталды», - деди.

Ош ШИИБ 2018-жылы сойкукана катары иштеген көмүскө жайларды аныктап, 21 кылмыш ишин козгогон.

----------------------------------------------------------------------------

Оштогу 12 кабаттуу үйдүн жер төлөсүнөн өрт чыгып, эки кыз каза болгон. Ош ШИИБдин басма сөз кызматы тастыктаган маалымат боюнча, кечээ, 1-январда саат 07:50 чамасында кабар келген.

Өрт Жим көчөсүндөгү үйдүн жер төлөсүндө жайгашкан мейманкананын бөлмөсүнөн чыккан. Окуя болгон жерден болжол менен 20-25 жаштардагы эки аял кишинин денеси табылды. Ош ШИИБдин оперативдүү тергөө кызматы тарабынан каза болгон кыздардын өздүктөрү аныкталып, бири Ноокат районунун 1998-жылы туулган тургуну, экинчиси Алай районунун 1991-жылы туулган тургуну болуп чыккан.

Коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан өрт чыгып, анын кесепетинен түтүнгө ууланышкан деп болжолдонуп жатат. Өрттүн жана кыздардын өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.45% (107)
«Банк Компаньон»
18.63% (38)
«РСК Банк»
11.76% (24)
...
Всего голосов: 204
×