Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ош облусу, Ош 01.01.2019 15:23 На русском

Ошто мейманканадан өрт чыгып, 2 кыз каза болду

Turmush -  Оштогу 12 кабаттуу үйдүн жер тѳлѳсүнѳн ѳрт чыгып, эки кыз каза болду. Ош ШИИБдин басма сөз кызматы тастыктаган маалымат боюнча, бүгүн, 1-январда саат 07:50 чамасында кабар келген.

Өрт Жим кѳчѳсүндөгү үйдүн жер тѳлѳсүндѳ жайгашкан мейманкананын бѳлмѳсүнөн чыккан. Окуя болгон жерден болжол менен 20-25 жаштардагы эки аял кишинин денеси табылды. Ош ШИИБдин оперативдүү тергѳѳ кызматы тарабынан каза болгон кыздардын ѳздүктѳрү аныкталып, бири Ноокат районунун 1998-жылы туулган тургуну, экинчиси Алай районунун 1991-жылы туулган тургуну болуп чыкты.

Коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан ѳрт чыгып, анын кесепетинен түтүнгө ууланышкан деп болжолдонуп жатат. Ѳрттүн жана кыздардын ѳлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Окуя Ош ШИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине «Ѳрт коопсуздугун сактоонун талаптарын аткарбоо» фактысы катары катталып, ар тараптуу иликтѳѳ иштери башталды.

Бул мейманкананын администраторлоруна карата 2018-жылдын ичинде «Сойкулук жасоо үчүн кѳмүскѳ жайды уюштуруу» беренеси менен 6 ирет кылмыш иши козголуп, көмүскө жай жолу 6 жолу жабылган эле. Акыркы мезгилде мейманкана катары кызмат кѳрсѳтүп жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×