Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ош облусу, Ош 31.12.2018 13:49

Ош шаардык «Жылуулук камсыздоо» ишканасынын жетекчиси Беделбай Кадырбердиевден куттуктоо

Turmush -  Ош шаардык «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Беделбай Кадырбердиев жалпы кыргызстандыктарды, анын ичинде Ош шаарынын тургундарын Жаңы жылы менен куттуктайт. Ишкананын жамааты шаардыктарды жылуулук менен камсыздоо үчүн тынымсыз эмгектене бермекчи.

Беделбай Кадырбердиев

Куттуктоодо: «Урматтуу Ош шаарынын тургундары жана меймандары, сиздерди кирип келе жаткан 2019-Жаңы жылыңыздар менен чын жүрөгүмдөн куттуктайм. Байыртадан бабалардын салтын улап, кылымдардын кырларынан ашып, жоо-душманга багынбаган, сыноолорго чалынбаган айкөл элибиз, 3 миң жылдан бери ушул чөлкөмдү байырлап, бөтөн улутка кучак жайган мээримдүү калкыбыз, жылдар өткөн сайын улам жаңыланып, жашарып, өнүгүп-өсүп бара жаткан шаарыбыз саналуу сааттардан кийин жаңы жылды тосот. Жаңы жыл дүйнө жүзүндө, анын ичинде Кыргызстанда ийгиликтүү жылдардан болсун. Ылайым жараткан жалпы журтка жакшылык ыроолоп, жамандыкты алыстатып, тынчтык өкүм сүрсүн. Ош шаары бир нече миң жылдан бери бардык улуттарга койнун кенен жайып, бул чөлкөмдү мекен кылган эл менен шаарыбыздын бейкутчулугу кылымдар өткөн сайын бекемделип келет. Ылайым мындан ары да шаарыбызда жашаган улуттардын достугу миң ирет бекемделип, эч качан ажырабасын.

Шаарыбыздын экономикасы дагы да өнүгүп, Азияда эле эмес, дүйнөдөгү алдыңкы шаарларга тең тайлаш шаарлардан болушуна тилектешмин. Саналуу сааттан кийин 2018-жыл — ит жылы менен коштошуп, 2019-жыл — кара кийик жылын тособуз. Кара кийик жылы жалпыңыздарга тынчтыктын, молчулуктун, токчулуктун жылы болсун. 2018-жылы Ош шаарыбызда бир катар алгылыктуу иштер аткарылып, шаарыбыздын экономикасында олуттуу алдыга жылуулар болду.

Бул жылы «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасы да шаардыктардын камын ойлоо менен бирге кышкы даярдыктарды күчөтүп, шаардыктарга убагында жылуулукту бере алды деп ойлойм. Буга чейин да, мындан ары да ишканабыз калкыбызды жылуулук менен убагында камсыздап, болгон шарттарын түзөмөкчү. Ошондой эле «Жылуулук камсыздоо» ишканасынын шаардын социалдык-экономикалык өсүүсүнө кошкон салымы зор. Айрыкча ишканада эмгектенген жумушчулардын мээнеткечтигинин акыбети менен шаарыбыздын калкынын жылуулугу камсыздалып келет. Биз жаккан жылуулук ар бир шаардыктардын үйүнө жетип, айрыкча жаңы жылда бакыт оту менен бирге кош жылуулук болуп берсин. Ар бириңиздин үйүңүздө, жан дүйнөңүздөрдө жылуулук болсун. Дагы бир ирет жаңы жылыңыздар менен!», - деп айтылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×