Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Ош облусу, Ош 28.12.2018 18:08

Ошто жүргүнчү ташып иштеген ишканалардын жетекчилерине коопсуздук боюнча эскертүү берилди

Turmush -  Бүгүн, 28-декабрда Ошто жүргүнчү ташуучу унаалардын айдоочуларына жол эрежесин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Ош облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдирди.

Маалым болгондой, Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында жүргүнчү ташуу менен алектенген ишканалардын жетекчилери, инженердик-техникалык кызматкерлеринин катышуусунда семинардык кеңешме өткөрүлдү. Кеңешме жол-унаа кырсыктарын болтурбоо, айрыкча жүргүнчү ташуучу автобус, кичи автобустардын катышуусундагы кырсыктарды алдын алуу, коопсуздукту камсыздоо, жүргүнчү ташуу маданиятын жогорулатуу маселелери талкууланды.

Ушул жылдын декабрь айында облуста жүргүнчү ташуучу кичи автобустун катышуусунда болгон кырсыктардан 2 жаш өспүрүмдүн өмүрү кыйылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.81% (816)
«РСК Банк»
31.57% (507)
«Капитал Банк»
5.79% (93)
...
Всего голосов: 1606
×