Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Ош облусу, Ош 28.12.2018 15:47

Ошто бир күндө 29 кылмыштын бети ачылып, издөөдө жүргөн 1 кылмышкер кармалды

Turmush -  Ош облусунда кылмыштуулуктун саны азайды, деп маалымдайт Ош ОИИБдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, 2018-жылдын 26-декабрында Ош облусунун Алай, Чоң-Алай, Араван, Ноокат, Кара-Суу, Өзгөн, Кара-Кулжа райондорунун аймагында укук коргоо, фискалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, социалдык коргоо органдарынын, ӨКМдин, мамлекеттик каттоо кызматынын, айылдык аймактардын, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын, суу чарба, электр тармактары, фитосанитария жана башка мамлекеттик мекеме-ишканалардын, жарандык коомдун өкүлдөрүнүн катышуусунда комплекстүү алдын алуу иш-чаралары өткөрүлдү.

Бул иш-чаранын негизги максаты укук бузуулардын жана кылмыштардын алдын алуу жана болтурбоо болуп саналат. Талдоо көрсөткөндөй, ички иштер бөлүмдөрүндөгү күнүмдүк кылмыштарды каттоо китебине катталган кылмыштардын 90%ы социалдык маселелерден, турмуш-тиричилик шартка байланыштуу себептерден улам келип чыккандыгы аныкталган.

Кыргызстан эгемендүү мамлекет болгон жылдардан баштап мыйзамдар жаңыланган кезде укук коргоо органдарынан башка мекеме-ишканалардын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынынын ишин жөнгө салуучу мыйзамдарында кылмыштуулук менен күрөшүү жана укук бузуулардын алдын алуу боюнча мекеме уюмдардын укук, милдеттери каралбай калган.

Ошондуктан укук бузуулардын алдын алуу жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө бардык мекеме-ишканаларга жана башка мамлекеттик органдарга жалпы тиешеси бар мыйзам кабыл алуу зарылчылыгы келип чыккандыктан 2005-жылдын 25-июнунда КРнын №82 «КРнын укук бузуулардын алдын алуу жөнүндөгү» мыйзамы кабыл алынган.

Бул мыйзам жарандардын жана мамлекеттин укуктары менен мыйзамдуу таламдарын кылмыштуу кол салуулардан коргоону камсыз кылат, укук бузуулардын болушунун себептери менен шарттарын жоюуга жана жок кылууга багытталган социалдык-экономикалык, уюштуруу-башкаруу, маданий-тарбиялоо, укук бузуулардын жасалышынын себептери менен шарттарын четтетүүгө багытталган атайын жана башка чаралардын укуктук негиздерин белгилейт. Мамлекеттик органдардын, жарандардын коомдук бирикмелердин, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын арасындагы жана алардын кызмат адамдарынын ортосунда укук бузуулардын алдын алуу боюнча чараларды ишке ашыруучу мамилелерди жөнгө салат, жарандарды КРнын мыйзамдарын урматтап жана сактоого тарбиялоого таасирин тийгизет.

Тилекке каршы, бул кабыл алынган мыйзам тииштүү деңгээлде аткарылбай келген. Бул мыйзамды толук кандуу ишке ашыруу максатында мыйзамда көрсөтүлгөн КРнын мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коомдук уюмдарынын, эмгек жамааттарынын, кызмат адамдарынын жана жарандардын өкүлдөрү менен биргеликте комплекстүү иш-чараларды өткөрүү колго алына баштады.

ИИМдин 2017-жылдагы №5 сандуу «Алдын алуунун бирдиктүү күнү» буйругунун аткарылышын камсыздоо максатында, ИИМ тарабынан демилге көтөрүлүп, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2018-жылдын 19-ноябрындагы №753-б сандуу «Ош облусунун аймагында «Бирдиктүү алдын алуу күнүн өткөрүү» жөнүндө» буйругу чыгарылды. Аталган буйруктун негизинде ведомстволор аралык иш мерчем иштелип чыгып, укук бузуулардын алдын алуу комплекстүү иш-чараларына тартылган мамлекеттик органдардын милдеттери боюнча иш алынып барылды.

Ош облусунун аймагында өткөрүлгөн иш-чаранын жүрүшүндө мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн топтор эл арасында жүргүзгөн иш-чаралардын жүрүшүндө жарандардан жалпы болуп 218 көйгөйлөр айтылды, анын ичинен 4 ички иштер органдарына тийиштүү, 33 саламаттыкты сактоо багытында, 2 билим берүү багытында, 54 социалдык тармак боюнча, 46 жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдардын жана коммуналдык кызматтардын ишмердигине байланыштуу, 27 мамлекеттик каттоо кызматына тийиштүү, 1 ӨКМге, 1 салык кызматы багытында, 21 электр тармактарына тийиштүү, 29 башка ар түрдүү маселелер боюнча түшкөн.

Бул күнү 29 кылмыштын бети ачылып, издөөдө жүргөн 1 кылмышкер кармалып, 231 ар түрдүү админстративдик укук бузуулар боюнча протоколдор түзүлгөн. Бул иш-чаралар уюшулуп өткөрүлгөн 2018-жылдын 23-ноябрынан 26-декабырына чейинки мезгилде Ош облусунун аймагында катталган кылмыштын саны 98ге кыскарган, ал эми жыл башынан бери былтыркы жылга салыштырмалуу катталган кылмыштын саны 1082ге азайган. Түшүндүрүү иштеринин таасиринин натыйжасында 2018-жылдын декабрь айында жарандардын жардамы менен Ноокат районунун аймагында каркчылыктын алдын алууга жетишилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.81% (816)
«РСК Банк»
31.57% (507)
«Капитал Банк»
5.79% (93)
...
Всего голосов: 1606
×