Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ош облусу, Ош 18.05.2019 20:00 На русском

Погончон айым: Гүлнур Кайбылдаеваны таш менен кубалаган киши кайра тойго чакырган

Turmush -  Гүлнур Кайбылдаева Ош шаардык ички иштер башкармалыгында жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын ага аймактык тескөөчүсү болуп иштейт. Ал укук коргоо органдарында иштеп жатканына 15 жылдын жүзү болгонун аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

Погончон айым Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда төрөлүп өскөн. 37 жаштагы Гүлнур айым 3 баланын энеси. Бала кезинен милиция кызматкери болууну каалаганы менен атасы банкир болосуң деп, экономика факультетине тапшырып калганын айтат.

1

«Милиция кызматкери болуумду атам жактырбай, Караколдогу окуу жайлардын биринин экономика факультетине тапшыртып койгон. Эки жыл көңүлсүз эле окуп жүргөнүмдү көрүп, "кайсы кесиптин ээси болгуң келет, максатың кандай?" деп сурап калды. Милиционер болгум келгенин айтып, юридикалык окуу жайга которулдум. 5-курсту окуп бүткөн соң Бишкектеги атайын 4 айлык курска тапшырдым. Ал жакта окуп жүрсөм жетекчинин орун басары менен кадр бөлүмүнүн башчысы кызыгуумду байкап жактырышып, 10 айлык курска тапшыртышты. "Сержант болуп жүрө бересиң, кичине чыдап окуп койсоң офицер болуп барасың" дешкен. Окууну аяктап, погон тагынган күнү балалык кыялдарым орундалып, айтып бүткүс сезимге туш болгом. Улам погондогу жылдызчаларымды карап, түшүп калган жокпу дей берчүмүн.

Курсташтарымдын көбү Оштун тургундары эле. Чындыгында алардын кээ бир сөздөрүнө түшүнбөй калчумун. Окууну аяктап, бекетте турганбыз. Алар Ошко, мен Көлгө кетип жатсам баары алаканын жайып, "ылайым Ошко турмушка чыгып, бала-чакаң менен биздин бутубузга чалынып жүр" деп бата беришкен. Көлдө кайдагы оштук жигит деп күлүп, кетип калгам. Ысык-Көлдө жаңы жумушка орношуп жүргөндө бир ырчынын концерти болуп, бизди стадионго чыгарышты. Ошол жерден жолдошум менен таанышып калдык. Ал өзү Оштон экен, таякелериникине конокко келиптир. Жолдошум экөөбүз 1 жылдан соң баш коштук», - деди Кайбылдаева.

Ата-энеси алгач жол алыс экенин айтып, анын турмушка чыгуусуна каршы болушкан. Бирок азыр Ысык-Көлдөгү базарга барып соодалашып, туугандарын таң калтырат.

«Башка шаарга, жаңы үй-бүлөгө, жаңы коллективге көнүү алгач оор болду. Бирок кайненем да ысык-көлдүк болгону үчүн көп деле кыйналган жокмун. Кайнатам 45 жылдан ашык убакыт дарыгер болуп иштегендиктен "келиндеримди үйдө отургузбайм" деп бизди эркин койду. Ошто элдин бөлүнгөнүн көргөн жокмун. 2015-жылы мамлекет тарабынан бизге үй берилген.

Алгач Ош ШИИБдин катчылар бөлүмүнүн ага тескөөчүсү болуп иштегем. Жумушумда кыйынчылыктар болот, бирок мен аны милдетим деп билем. Бир жолу 5 балалуу атага балдарын мектепке алып барыңыз деп барсак балта, таш менен кубалаган. Көрсө анын коомго таарынычы күч экен. Карыз болуп үйүн сатып, бир жагынан ооруп, вагондо жашап жаткан. "Мамлекет мага эмне кылып берди, ким мага жардам берди? Эми балдарымдан ажыратабыз деп жатасыңарбы, андан көрө силерди өлтүрүп, соттолуп кеткеним жакшы" деп кууган. Кийин кайра-кайра иштешип жатып, эки кызын курстардан окуттук. Алар турмушка чыкканда мени тойго чакырган», - дейт погончон айым.

222

Акыркы үч жылдан бери өспүрүмдөр менен иштешип жаткан Гүлнур Кайбылдаева көп балдарды мектепке окууга киргизүүнүн аракетин көрөт. Көбүнчө мигранттардын балдары көчө баласына айланып баратканын айтат.

«Каттоодо турган ар бир өспүрүмдөрдүн кийинки жашоосу кызыктырат. Учурда мага бала катары болуп калган бир бала бар. Аны апасы таенесине таштап, өзү Россияга кетип калган. Баласы 1-класстан кийин окубай калган. Кадимки көчө баласына айланып бараткан учурда чуркап жүрүп документ топтоп, 3-класска киргизгем. Азыр 6-класста окуйт, таенеси каза болуп, таежесинин колунда калган. Мектепте жакшы окуп жатат. Мугалимдерине дайындап, кабар алып турам. Үйдө балдарымды катуу кармайм. Жолдошум "босогону аттап жатканда үйгө апа болуп кир" деп калат. Жолдошум мурда милиция кызматкерлерин жактырбаганын, бирок азыр баалап калганын айтат», - деди Кайбылдаева.

2

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×