Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-июнь
Ош облусу, Ош 28.12.2018 12:16 На русском

Ошто 31 автобус жана 31 троллейбус элге кызмат көрсөтүп жатат

Turmush -  Ош шаарына 2017-жылы алынып келинген автобус жана троллейбустардын акчасын төлөө мөөнү жакындап калды. Бирок коомдук унаалар сатылып алынган акчаны актабай, бузулуп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык кеңешинин 18-сессиясында «Бир Бол» фракциясынын депутаты Акылбек Турдубай уулу билдирди.

Акылбек Турдубай уулу: «Менин оюмча бул троллейбус жана автобустар туура эмес тандалган. Шаарыбыз кичинекей, жолдору тар. Автобустарга көп жүргүнчү батат деп алып келишкен. Бүгүнкү күндө ал автобустарда көп жүргүнчүнү ташууга шарт жок. Ошондуктан сатылып алынган акчасын актабай жатат. Автобустар алынып келгенде эле бузула баштаган. Учурунда айдоочулар эл тарабынан айтылган сындарды бийликке айтып турган. Ошондой эле троллейбустар да 1 жылга жакын убакыттан бери иштетилбей турат», - деди.

Ал эми вице-мэр Асылбек Топчубаев троллейбустар менен автобустар күндөгүдөй эле каттамдарга чыгып жатканын белгиледи.

«Сессияга катыша албай калдым. Бирок автобустар бузулбай эле күндөгүдөй каттамдарга чыгып жатат. Гаражга барып текшерип көрсөңөр болот. Анан күйүүчү майдын акчасын актабай жатат деген болбогон кеп. Айдоочулар күйүүчү майды да өздөрү куюп, мындан тышкары күнүнө 300-400 сомдон тапшырышат. План толтурган айдоочуларга эмгек акы төлөнөт», - деди Топчубаев.

Ош шаардык муниципалдык автоунаа башкармалыгынын башчысы Мурзабек Дубанаев белгилегендей, айтылган сөздөр чындыкка дал келбейт.

«Коомдук транспорт дүйнөлүк стандарт боюнча дотацияда турат. Эч качан өзүн актаган эмес. Өнүккөн мамлекеттерде да ошондой. 2013-жылы Ош шаардык кеңешинин депутаттары токтом чыгарып беришкен. Токтомдо шаар боюнча 7 категориядагы 24 миң адам автобус жана троллейбустарда акысыз жүрөрү айтылган. Алардын арасында пенсионерлер, кургак учук диспансеринин кызматкерлери, социалдык кызматкерлер, "Ош шамы" гезитинин журналисттери, "Ош шейиттери" коомунун мүчөлөрү, Ош окуясында дайынсыз болгондордун жакындары, ардактуу атуулдар жол кире акысын төлөшпөйт. Мындан сырткары шаар боюнча 64 миң окуучу болсо, алардын баары 1 сомдон жол акы төлөшөт. Бул дагы токтомдо көрсөтүлгөн.

1-2-линияда 28 троллейбус каттайт. Ал эми 3 троллейбус резервде турат. Анан 12-13-каттамдарга 28 автобус чыгып, үчөө резервде турат. Азыркы учурда 62 коомдук унаа шаар боюнча каттамдарга чыгат. Бизге мэрия тарабынан 17 млн субсидия берилет. Мындан айына 530 миң сом Социалдык фондго, 500 миң сом электр энергиясына, 150 миң сом пенсиялык фондго кетет. Мындан сырткары сатык салыгына 100 миң сом жумшалат. Ал эми 17 млн сомду 12 айга бөлгөндө айына 1 млн 400 миң сомдон туура келет экен. Бизге 100 миң сом калат, аны ар кандай керектөөлөргө жумшайбыз», - деди Дубанаев.

Ош шаарынын мурунку мэри Айтмамат Кадырбаев иштеп жаткан учурда 30 автобус жана 23 троллейбус Россиянын Саратов шаарынан алынып келинген. Коомдук унаалардын акысы Европа өнүктүрүү жана реконструкциялоо банкынан алынган акчанын эсебинен төлөнгөн болчу. Банктан алынган акчанын жалпы суммасы 9,6 млн еврону түзөт. Анын ичинен 5,7 млн евро насыя, 3,1 млн евро грант катары берилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×