Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ош облусу, Ош 27.12.2018 18:40 На русском

Оштогу үй-бүлө жаңы алган келинин издеп жатат

Turmush -  Ош шаарында жаңы турмушка чыккан 18 жаштагы Матлюба Икрамова дайынсыз болууда. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 22-декабрда Матлюба Икрамова күйөөсүнүн үйүнөн чыккан бойдон кайрылып барган эмес. Ал 14-сентябрда 18 жашка толуп, 6-октябрда турмуш жолуна аттанган.

596296.cf6d4ea24f5757eaf6446e721d7a63c3

24-декабрда күйөөсү аялынын жоголгону тууралуу арыз менен милицияга кайрылган.

«Телегейибиз тегиз эле, эмнеге үйдөн чыгып кеткенин билбейбиз», - деп билдиришти келиндин кайын журту.

Келинди Ош шаардык ички иштер башкармалыгы издөөгө алган.

Кийген кийимдери: кара түстөгү шуба, көгүш түстөгү жилет, кара түстөгү өтүк.

Матлюба Икрамованы көргөн-билгендер (03222) 6-55-10, 8-55-11, 0772-41-41-70 номурлары аркылуу кабарласа болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×