Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Ош облусу, Ош 04.01.2019 20:55

Оштогу «Сулайман-Тоо» музей комплекси 39 экспонат менен толукталды (сүрөт)

Turmush -  Өзгөн районунун Өзгөн шаарынын 1-шахристан шаар чалдыбарынан 39 экспонат табылды. Бул тарыхый буюмдарды Өзгөн шаарынын тургуну мүрзө казуу учурунда таап алган.

«Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинин башкы директору Султан Абдрахмановдун айтымында, бул табылгалар 11-12-кылымдардагы Караханид хандыгына таандык.

«Аталган шаарчалардан буга чейин да бир топ экспонаттар табылган. Бул экспонаттарды Өзгөн шаарынын тургуну Мадамижан Мухамеджан уулу мүрзө казып жатып таап алган. Кийин бизге өткөрүп беришти. Бул буюмдар 11-12-кылымдарга таандык болуп саналат. Чоподон жасалган суу түтүктөрү, кумуралар, күнүмдүк тиричиликке колдонулган буюмдар экен. Буюмдардын жасалышынан, жасалгаларынан аталган кылымдарда да кыргыз элинин сөөлөттүү жашаганы билинет. Албетте, муну археологдор дагы изилдеп, иликтеп, тактап чыгышат. Бул 39 экспонаттын бардыгы "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде негизги баалуулуктардын бири болуп калат», - деди Абдырахманов.

Буга чейин да аталган аймакты окумуштуулар изилдеп, архелогдор көп иштерди жасашкан.

«Шахристан шаар чалдыбарын археологдор 1-2-3-4-шаар чалдыбарлары деп кварталдарга бөлүп чыгышкан. Бул экспонаттар 1-шаар чалдыбарынан табылган буюмдар. Бүгүнкү күндүн негизги маселеси — мындай табылгалардын сынып, талкаланып алынып жатканы. Бул көрүнүш тарыхыбызга кайдыгер мамиле жасап жатканыбыздын далили. Ошондуктан биз байыркы өзөктүү шаар чалдыбары болгон тарыхый жерлерди көр тириликке пайдаланбай, мүмкүнчүлүктүн жетишинче сактап, кийинки муундарга баалуу тарыхый жай катары калтырып берүүгө милдеттүүбүз», - деп кошумчалады Абдырахманов.

«Сулайман Тоо» улуттук тарыхый-археологиялык музей комплекси Кыргызстандагы эң ири музейлердин бири. Музей 1949-жылы 15-майда түптөлүп, учурда 33 миңге жакын экспонат бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×