Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-март
Ош облусу, Ош 27.12.2018 16:26 На русском

Ошто «Мигрант» сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 27-декабрь күнү Ош шаарында өткөн жыйында мектеп окуучулары жана студенттер арасындагы «Мигрант» аталышындагы сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Сынак 17-декабрь күнү башталып, өлкө боюнча жалпы 100 катышуучу катышты. Сынак сүрөт тартуу, эссе жазуу жана сүрөт көргөзмөсүнүн негизинде өттү. Ал эми жеңүүчүлөр социалдык тармак аркылуу тандалды.

Сүрөт тартуу боюнча 1-орунду алган Акинай Акбаралиева 6-класстын окуучусу. Ал өз сүрөтүндө үй-бүлөсүндөгү окуяларды, сезимдерин кагазга түшүргөнүн айтты.

«Биз үч бир тууганбыз. 5-класста окуп жатканда апам бизди таенеме таштап, өзү Россияга кеткен. Таенемди апа деп алчумун. Күндө сүйлөшсөм да сагынат элем. Атам биз менен чогуу жашабайт. Бир ирет Жаңы жылда гана келген», - дейт Акинай.

Сүрөттө алгач толук, бактылуу жашаган үй-бүлө, андан соң үч баласы менен калган эне балдарын апасына таштап, учак менен учуп кеткени тартылган.

Ал эми сүрөт тартуу боюнча 2-орунду алган Айгүл Акибаева Өзгөн районундагы №56 мектепте 7-класста окуйт. Анын сүрөтү «Апа кетпечи» деп аталып, учактын жанында кучакташып турган эне-кыздын элеси чагылдырылган.

«Биз алты бир тууганбыз. Мындан 2 жыл мурда апам бизди атама таштап, өзү Россияга кеткен. Ошондо аябай сагынып, кыйналгам. Азыр кетем десе эч качан кетирбейм. Мен жакшы окуп, апамды багам», - дейт Акинай Акибаева.

Эссе жазуучу боюнча 2-3-орундарды Ош облусунун студенттери Каныкей Калматова жана Н.Нишанова жеңип алды. Алардын эсселеринде ар бир бала ата-энесинин кучагында бактылуу жашаш керек деген ой камтылган.

Сүрөт көргөзмө боюнча 3-орунду утуп алган Илья Тарасов сүрөттөрүндө Кыргызстандын бардык аймактарындагы миграцияга кабылган адамдарды чагылдырган.

Жеңүүчүлөргө 1-орун үчүн 5 миң сом, 2-орунга 3 миң, 3-орунга 2 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.45% (107)
«Банк Компаньон»
18.63% (38)
«РСК Банк»
11.76% (24)
...
Всего голосов: 204
×