Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-март
Ош облусу, Ош 27.12.2018 14:07

Жаңы жылдан тарта Оштогу айрым ишканалар үчүн таза суунун баасы жогорулайт

Turmush -  Ош шаарында бюджеттик, коммерциялык жана өндүрүштүк ишканалардын таза сууга болгон төлөмү жогорулайт. Бул сунушту Ош суу чарба башкармалыгынын башчысы Дөөлөтбек Көкөчөров демилгелеген.

Таза суунун тарифин көтөрүү боюнча маселе кечээ, 26-декабрь күнү Ош шаардык кеңешинин 18-сессиясында күн тартибиндеги маселелерге коюлган. Күндүн экинчи жарымында шаардык кеңеш таза суунун тарифин жогорулатуу боюнча маселени колдоп берип, токтом кабыл алынды.

«Ош шаарында Кыргызстандагы башка шаарларга караганда таза суунун баасы арзан. Учурда биздин техникалар эскирди, жумушчуларыбыздын маянасы аз. Кара жумуш кылган жумушчуларыбыз чындыгында аз айлыкка иштебейт. Өзүбүздөгү мүмкүнчүлүктү пайдаланалы деп жатабыз», - деди Көкөчөров.

Суунун тарифи бюджеттик, өндүрүштүк жана коммерциялык мекемелер үчүн гана көтөрүлөт. Ал эми шаар эли үчүн таза суунун баасы өзгөрбөйт. Жаңы жылдан тарта суунун баасы 2 сомдон 7 сомго чейин жогорулайт. Эң жогорку баа коммерциялык ишканаларга коюлат.

Ош суу чарба башкармалыгынын маалыматы боюнча, шаарда 250 миң абонент бар. Анын ичинен 2 миңге жакыны бюджеттик, коммерциялык, өндүрүштүк мекемелер болуп саналат. Аталган башкармалык күнүнө 2210 миң куб суу сарптайт.

Расмий маалыматтар боюнча Ош шаарында 300 миң, расмий эмес маалыматтар боюнча жарым миллиондон ашык адам жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.45% (107)
«Банк Компаньон»
18.63% (38)
«РСК Банк»
11.76% (24)
...
Всего голосов: 204
×