Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Ош облусу, Ош 27.12.2018 13:29 На русском

Ошто премьер-министрдин балаты майрамына 3 облустан чогулган 700 бала катышты (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 27-декабрь күнү Ош шаарындагы С.Ибраимов атындагы драма театрында премьер-министрдин балаты майрамы өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Иш-чарага премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев жана башкалар катышты. Балаты майрамына Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы балдар интернаттарынан, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөн жана жакшы ийгиликтерге жетишкен балдар чакырылган. Тактап айтканда, майрамга жалпы 700 бала күбө болду.

Өз сөзүндө премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев балдарды эртеңки келечектин ээлери деп атап, майрамы менен куттуктап, өкмөт башчынын колунан белек алып, сүрөткө түшүүнү каалаган окуучуга баалуу белек тапшырды.

Ошондой эле иш-чарада Оштогу искусство мектебинин окуучулары концерттик программа тартуулап, чогулгандардын маанайын көтөрдү. Ага улай эле аяз атага түрдүү калоо-тилектерди жазган балдарга баалуу белектер берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×