Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Ош облусу, Ош 27.12.2018 11:52

Ош шаарындагы мал союучу 7 жай талаптарга жооп бербейт

Turmush -  Ош шаарында 8 мал союучу жай болсо анын бирөө гана атайын талаптарга жооп берет. Бул тууралуу кечээ, 26-декабрь күнү Ош шаардык кеңешинин 18-сессиясында Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясынын башчысы Сүйүнбай Абдуллаев депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Сүйүнбай Абдуллаев: «Бүгүнкү күндө Ош шаарында 8 мал союучу жай иштеп жатат. Сегизинчи мал союучу жай жакынкы арада эле ачылган. Жаңы ачылган мал союучу жай ЕАЭБдин талаптарына жооп берген коопсуз эт азыктары чыгуучу жай болуп саналат. Ал эми калган 7 мал союучу жай талаптарга такыр жооп бербейт. Алардын аймагына үйлөр курулган. Аларды талаптарга ылайык келтирүүгө мүмкүн эмес. Анткени санитардык коргоо зонасы деген бар. Санитардык коргоо зонасынын талаптары боюнча мал союучу жай турак үйлөрдөн 1000 метр алыстыкта жайгашышы керек. Бүгүнкү күндө талаптарга жооп бербеген мал союучу жайларды жабууну көздөп жатабыз. Бул үчүн атайын комиссия түзүп, анын курамына санитардык кызматтан, экологиялык кызматтан, суу чарбасы, милиция кызматкерлерин киргизип, чогуу жабышыбыз керек», - деди.

1

Былтыркы жылы да Оштогу мал союучу жайлардын талаптарга жооп бербегени айтылып, ал тургай баары жабылган болчу. Бирок белгисиз себептер менен кайра иштеп баштаган.

Сүйүнбай Абдуллаевдин айтымында, быйылкы жылы шаардагы талаптарга жооп бербеген мал союучу жайларды жапканга толук шарт бар.

«Былтыр талаптарга жооп бербеген мал союучу жайлар жабылган экен. Бирок кийин кайра ачылыптыр. Эми быйылкы жылы аларды жаба турган болсок ЕАЭБдин талаптарына жооп берген мал союучу жай альтернатива катары иштей берет», - деди Абдуллаев.

Ош шаары боюнча күнүнө 70 кара мал, 50 кой союлат. Жыл башынан бери Ош шаарында 3 жугуштуу оору катталган. Кутурма оорусу эки иттен жана бир музоодон табылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.81% (816)
«РСК Банк»
31.57% (507)
«Капитал Банк»
5.79% (93)
...
Всего голосов: 1606
×