Бөлүмдөр
Жума, 18-январь
Ош облусу, Ош 26.12.2018 17:26 Жаңыланды: 26.12.2018 18:20

Ошто 1,5 миң доллар, 13 миң сом тоногон шектүү улан-кыздар камакка алынды

Turmush -  Бүгүн, 26-декабрда Ош шаардык соту каракчылыкка шектелип жаткан улан-кыздардын баш коргоо чарасын карады. Жыйынтыгында бешөө тең убактылуу камакка алынды.

Ош ШИИБдин маалыматы боюнча:

- 2001-2003-жылдары туулган 2 кыз жана 1 өспүрүм бала 1 айга;

- 2000-жылы туулган жигит менен кыз 2 айга камалды.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Криминалдык милиция кызматы каракчылыкка шектүү топту колго түшүргөн. Расмий маалымат боюнча, 23-декабрь күнү саат 17:30 чамасында Ош шаарынын А.Масалиев көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде жашаган 21 жаштагы келиндин үйүнө бир нече жаш жигиттер жана кыздар кирип, ага бычак такап коркутушкан. Алар жабырлануучунун үйүнөн 1,5 миң АКШ долларын, «Айфон-6» үлгүсүндөгү уюлдук телефонун, 13 миң сомун, 3,5 миң сомдук курткасын жана башка буюмдарын алып кетишкен.

каракчылык

Окуя болгон жерге Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам тергөө тобу барып, тиешелүү аракеттер көрүлгөн. Бул факты ШИИБге каракчылык катары катталып, иш козголгон. Жүргүзүлгөн ыкчам иш аракеттердин натыйжасында 24-декабрга караган түнү бул кылмышка шектелип Ош шаарынын жана Ош облусунун 5 жашоочусу (2 жигит, 3 кыз) кармалган болчу. Алардан жабырлануучунун үйүнөн жоголгон айрым далил буюмдар алынды.

Turmush басылмасына маалым болгондой, кармалган 5 адамдын арасында Ош шаарындагы кыздардын мушташы боюнча кылмыш иштеги башкы фигурант бар.

-------------------------------------------------------------------

Буга чейин социалдык тармактарга окуучу кыз канжалаганча сабалганы тартылган видеотасма тараган. Булактардын билдирүүсү боюнча, бул окуя Ош шаарындагы Манас-Ата (мурунку ХБК) кичи районунун аймагында болгон.

Кийинчерээк Ош ШИИБ бул окуя боюнча расмий маалымат тараткан болчу.

Анда: «Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери видеотасмага байланыштуу иликтөө иштерин жүргүзүп, анын катышуучуларын аныктады. Окуя 2018-жылдын 21-ноябрында саат 11:00 чамасында болгон.

Видеотасмада бети канаган кыз шаардагы мектептердин биринин 11-классынын окуучусу. 2002-жылы туулган. Ал эми аны урган кыз Кара-Суу районунун жашоочусу, 2002-жылы туулган. Алгачкы маалыматтарга караганда, мурда эки ирет: уурулук жана бейбашчылык боюнча жазаланган. Аны апасы жалгыз тарбиялап чоңойткон. Мурда Ош шаарында жашап, кийин Кара-Сууга көчүп кетишкен.

Ал эми экөөнүн мушташын смартфон аркылуу видеого тарткан кыз — кара-суулук кыздын курбусу, эч жерде окубайт. Өзүнүн көрсөтмөсү боюнча, 15 жашында медреседе билим алып баштап, сокур ичеги болгондон кийин окуудан чыгып кеткен. Ал 2001-жылы туулган, Ош шаарында жашайт. Аны да апасы жалгыз баккан.

Учурда бул фактыга байланыштуу териштирүү иштери жүрүп жатат. Алгачкы териштирүүдө маалым болгондой, эки тарап 18-ноябрдан тарта социалдык түйүн аркылуу байланышып, урушуп кетишкен. Кийин жаңжалын чечүү максатында Ош шаарынын «Космонавттар» эс алуу багында жолугушууну сүйлөшүп, ошол жерде 21-ноябрда саат 11:00 чамасында жолугушкан. Бул окуя мушташ менен аяктады.

Алар муну менен токтоп калбай, аталган эс алуу паркынан алыс эмес жердеги үйлөр тарапка барышып, жаңжалдарын улантышкан. Аны видеого тарткан кыз ошол эле күнү досторуна жөнөткөн», - деп айтылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×