Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-март
Ош облусу, Ош 26.12.2018 12:37

Ата-энеден акча сураган бала бакчанын тарбиячысын аяп, укук коргоочуларга айткан жокпуз, - Оштогу депутат

Turmush -  Бүгүн, 26-декабрь күнү Ош шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы өтүп жатат, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жыйындын жүрүшүндө шаардагы ХБК кичи районундагы (Манас-Ата аймактык кеңеши) бала бакчанын тарбиячысы бир баланы кабыл алуу үчүн 8 миң сом сураганын «Кыргызстан» фракциясынын депутаты Жыргалбек Тажибаев билдирди.

Депутат: «Өткөн күнү бир ата-эне мага кайрылды. ХБК кичи районундагы "Солнышка" бала бакчасынын тарбиячысы андан 8 миң сом сураган. Электрондук форматта мындай болушу мүмкүн эместигин айттым. 8 миң сом берейин, укук коргоо органдары менен аны карматыңыз десем, ага көнбөй койду. Ош шаардык билим берүү башкармалыгына телефон чалсам, алар жооп беришкен жок. Кийинчерээк кайра байланышка чыгышкан жок. Бала бакчанын тарбиячысын аяп койдук», - деди.

Өз кезегинде мэр Таалайбек Сарыбашов коррупцияны ооздуктап, тарбиячыны укук коргоо органдарына өткөрүп берүү кажет экенин айтты.

«Аны аябай укук коргоо органдарына беришиңиз керек болчу. Камап, коррупцияны ооздуктоо керек. Кээ бир өлкөлөрдө коррупциянын арты менен канчалаган адамдар атууга кетип жатат. Бул жаатта депутаттар өзүңөр да катуу тургула», - деди мэр.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
52.45% (107)
«Банк Компаньон»
18.63% (38)
«РСК Банк»
11.76% (24)
...
Всего голосов: 204
×