Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ош облусу, Ош 26.12.2018 12:05

Ош шаарынын мэри Т.Сарыбашов: Кош жарандыгым жок

Turmush -  Бүгүн, 26-декабрь күнү Ош шаардык кеңешинин кезектеги 18-сессиясы өтүп жатат. Анын жүрүшүндө шаардык кеңештин депутаты Таалайбек Шабанов мэрдин кош жарандуулугу боюнча айтылган маалыматка токтолуп, суроо узатты.

Таалайбек Шабанов: «Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина сиздин кош жарандуулугуңуз боюнча айтты. Ушул суроого өзүңүз жооп берип койсоңуз», - деди.

Ал эми шаар мэри Таалайбек Сарыбашов: «Убагында ишкерлик менен алектенгенбиз. Карамушкина дагы укук коргоочуларга сунуш жөнөттү. Ошонун чечими чыкканда жооп берейин дедим эле. Бул арада өкмөттүн өкүлү болдум, көп кызматтарда иштедим. Кош жарандыгым жок», - деди.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина (КСДП) 22-ноябрдагы жыйында Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Россиянын жарандыгын алганы тууралуу маалыматтар бар экенин айтып, УКМК кызматкерлерине бул боюнча текшерүү иштерин жүргүзүүнү сунуштаган болчу.

«Россиянын Салык кызматынын сайтында Таалайбек Сарыбашовго 2016-жылдын ноябрь айында россиялык паспорт берилгени белгиленген. Бүгүнкү күндө жашаган жери катары Новосибирск көрсөтүлүп турат. Федералдык салык кызматы аны Россиянын жараны катары билет. Кыргызстандын мыйзамы боюнча чет өлкөнүн жарандары мамлекеттик жетекчилик кызматтарды аркалай албайт», - деген депутат.

Кийинчерээк УКМКнын басма сөз кызматы мэр Таалайбек Сарыбашовдун жарандыгы боюнча текшерүү жүргүзүлө турганын билдирди.

Ал эми Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаровдун айтымында, Таалайбек Сарыбашов Кыргызстандын жараны.
«Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов 2000-2002-жылдары Россияда мигрант болуп иштегени анык. Мэр Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина айткан Новосибирск шаарында мигрант болуп жашаган, бирок Россиянын жарандыгын алган эмес. Буга чейин Таалайбек Сарыбашов Алай районунун акими, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп эмгектенип келген», - деген А.Абсаттаров.
Т.Сарыбашовго тиешелүү паспорттун сүрөтүн Turmush басылмасына Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы берген
Мэр Т.Сарыбашовдун паспорту
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×