Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусу, Ош 26.12.2018 10:51 Жаңыланды: 26.12.2018 11:45

Жаңы жылда ОшМУ 2 лаборатория, 2 спорт комплекс, гимназия жана парк курат. Долбоору

Turmush -  Жаңы жылда Ош мамлекеттик университети окуу-лабораториялык 2 имаратты, 2 спорт комплексин, 1 гимназияны жана академиялык жаштар паркын курууну ишке ашырат. Деги эле 2019-жыл Ош мамлекеттик университетинин тарыхында орчундуу жылдардын бири болуп саналат. Себеби бул окуу жай түзүлгөнүнө 80 жыл болот.

Бул мааракеге карата Ош мамлекеттик университетинин жамааты кызуу даярдыктар менен билим берүүнүн сапатын көтөрүү, заманбап инфраструктураны куруу, инвестицияларды тартуу, окутуучулардын эмгек акысын жогорулатуу, студенттерди сапаттуу адис катары тарбиялоо багытында ийгиликтерди жаратууну көздөп турат. Ал эми жаңы жылда окуу лабораториялык 2 имараттын курулушу башталып, бүткөрүлмөкчү. Ошондой эле студенттердин спорттук жашоосун жакшыртуу максатында жабык типтеги 2 спорт комплекс, илимий шартты жакшыртуу, экологиялык таза университетке айландыруу багытында жаштардын академиялык шаарчасы курулат.

Орто мектептерге жардам жана көмөк көрсөтүүчү окуу-усулдук борбор катары ОшМУнун «Билим» гимназиясынын заманбап имаратынын пайлдаланууга берилиши да күтүлүүдө. Ошондой эле ОшМУнун кулачын дагы кеңейтип, эл аралык деңгээлде кадыр-баркын мындан да жогорулатууга аракеттер көрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×