Бөлүмдөр
Шаршемби, 21-август
Ош облусу, Ош 26.12.2018 10:17

Ошто 3 балага жолбун иттер кол салды

Turmush -  Ош шаарында 3 баланы ит талап кетти. Алардын биринин бети жабыркаганын Ош шаары боюнча жугуштуу ооруларды алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Сүйүмкан Алдашова билдирди.

Анын айтымында, балдарга жолбун иттер кол салган.

«Иттер эки баланын колун, биринин бетин тиштеп алган. Учурда балдар дарыгердин көзөмөлүндө болууда. Ал эми шаардагы жолбун иттерди атуу боюнча шаардагы аймактык кеңештердин жетекчилерине буга чейин айтылган эле. Учурда балдарга кол салган иттер изделүүдө. Эгер иттер табылса башы экспертизага жөнөтүлөт», - деди С.Алдашова.

Буга чейин окуя 23-декабрда болгону, жабырлануучулар 7, 8 жана 11 жаштагы балдар экени маалымдалган. Балдардын экөө Ош шаарынын Амир-Темур аймактык кеңешинен иттерге таланса, үчүнчүсүн Ош шаарынын Ташкент көчөсүнөн ит тиштеп алган.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×