Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-март
Ош облусу, Ош 10.01.2019 23:34

Айыл турмушу: Жаш сүрөтчү Айтургандын эмгеги Россиядагы музейге коюлган (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарынын 23 жаштагы тургуну Айтурган Самикулова 10 жылдан бери дубал жана кагаз бетине сүрөт тартат. Ал учурда Ош шаарындагы жогорку окуу жайлардын биринде магистратурада окуп, балдар чыгармачылык борборунда сүрөт ийриминен сабак берет.

Айтурган бош убакта шаар тургундарынын буйрутмаларына жараша чоң имараттардын терезе-каалгаларына сүрөт тартып берет. Ал жаңы жылга карата терезелерди кооздогон ишканалар көп болуп жатканын аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

«Мектепте окуп жүргөндө эле түрдүү сынак, иш-чараларда сүрөт тартчумун. Жаңы жыл майрамы келе жаткандыктан буйрутмалар көп болууда. Бул майрамга карата ар кандай мекеме-ишканалар имараттарын кооздотуп жатышат. Негизи мындай сүрөттөрдү ачык түстөр менен тартып берем. Анткени ачык түс көрктүү болуп, адамдын маанайын көтөрөт. Аткарган ишимди, убактымды жана ага кеткен боёктун баасын эске алам. Эгер сүрөт көлөмдүү болсо, ага жараша боёк кетет. Анткени ачык түстөр менен тартылган сүрөт көп убакытты жана көп боёкту талап кылат. Ушинтип эле эмгек акым бааланып калат», - деди ал.

Жаш сүрөтчү эмгектерин 1000-1500 сомдон жогору баалайт.

«Ата-энем колдоо көрсөтүп, жеке ишканабыздын эки бөлмөсүн мага бөлүп беришкен. Мага бөлмөнүн чоң же кичинекей болушу маанилүү эмес. Сүрөтчүлөр кааласа талаага чыгып деле сүрөт тарта берет. Алгачкы эмгегим мектебимде сакталуу. Мындан бир жыл мурун кышында Москва шаарында сүрөтчүлөр арасында сынак өтүп, өз эмгектеримди электрондук даректен жиберип койгон элем. Сынактан өткөн сүрөтүм учурда Россиядагы музейлердин биринде илинип турат», - деди ал.

Айтурган Самикулова студент кезинде өзү окуган факультетте сүрөт көргөзмөсүн өткөрүп, 40 эмгегин элге көрсөткөн. 14 жашынан сүрөтчүлүккө кадам таштаган Айтургандын алдыга койгон максаттары көп.

«Ош шаарында жалгыз Г.Айтиев атындагы искусство мектеби бар. Менин эң чоң максатым — чет өлкөдөн магистратураны улантып, ал жактагы тажрыйбалуу сүрөтчүлөр менен иштешип, Ошто сүрөт мектебин ачуу. Таланттуу балдарга билим берип, күчтүү сүрөтчүлөрдү даярдап чыгууну каалайм», - деди Самикулова.

Айтурган сүрөттү буйрутма менен гана тартат. Ал чыгармачыл үй-бүлөдө өскөн. Атасы — кыргыз эл артисти Эшенкул Боронбаев Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында актёр болуп эмгектенет. Ал эми апасы Тамара Абдыкадырова куурчак театрында иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Какой банк Вы считаете лучшим в Кыргызстане?
«Бакай Банк»
50.81% (816)
«РСК Банк»
31.57% (507)
«Капитал Банк»
5.79% (93)
...
Всего голосов: 1606
×