Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 05.12.2018 10:58 Жаңыланды: 05.12.2018 11:37 На русском

Сүрөт: Ошто үй өрттөнүп, бир туугандар көз жумду

Turmush -  Ош шаарында турак үйдөн өрт чыгып, бир туугандар каза болду. Маалым болгондой, Кызыл-Аскер көчөсүндө жайгашкан №117 үйдөн өрт чыкканы тууралуу ӨКМге бүгүн, 5-декабрь күнү саат 09:10до маалымдалган.

Бул үйдөн 2 адамдын жансыз денеси табылып, алардын өздүгү аныкталды. Маркумдар 1961-жылы жана 1971-жылы туулган ага-инилер экенин ӨКМ тастыктады. Алдын ала маалыматтар боюнча, турак үйдүн бир бөлмөсүнүн 2 чарчы метр полу жана эмеректер күйгөн. Учурда бул аймак толугу менен курчоого алынып, өрт өчүрүлдү. Өлүмдүн жана өрттүн себептери такталып жатат.

Turmush баылмасынын кабарчысы тактаган маалымат боюнча, өрттөнгөн үйдө маркум ага-ини гана жашап жаткан. Ал эми өрт тууралуу кошуналары куткаруучуларга кабар беришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×