Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 05.12.2018 09:08

Төлөйкөн айылындагы көйгөй: Окуучулар мектепке өтүк кийип барса, үйдө сыналгы көрө алышпайт (видео)

Turmush -  Төлөйкөн айылынын Ош шаарына караган бөлүгүндөгү Т.Ражапов көчөсүндөгү жол кейиштүү абалга жеткен. Айылдагы электр энергия көйгөйү жана жол маселеси 2012-жылдан бери чечилбей келет. Ошондой эле көчөнү бойлой аккан Ак-Буура дарыясынын жээги таштандыга толуп, тазалык маселеси каралбай жатканын шаар тургундары аймактык кабарчыга билдиришти.

Ушул маселе боюнча Т.Ражапов көчөсүнүн тургундары Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовго кайрылышкан. Бирок жыйынтык чыккан жок, деп билдирди аталган көчөнүн тургуну Гүлнара Ажиматова.

«Бул маселе быйыл эле козголуп жаткан жок. Жыл сайын мэрияга, тиешелүү жерлерге кайрылып жатабыз. Шаарга кошулганыбызга көп жыл болду, бирок эч нерседен дайын жок. Балдарыбызга эки бут кийим алып беребиз. Анын бири резинка өтүк. Аны мектепке жеткенге чейин кийип, экинчисин мектептин ичинен кийишет. Мектепке жеткенче 3 чакырым жолду басып барган балдардын буту ылай болот», - деди Г.Ажиматова.

Ал эми Ош шаардык жолдор башкармалыгынын башчысы Арзыбек Жунусовдун айтымында, буга чейин аталган көчөгө шагыл төгүлгөн.

«Бул көчөлөр Төлөйкөй айылынын ички жолдоруна кирет. Өткөн жылдын эсебинен шагыл төгүп, тегиздеп бергенбиз. Азырынча бизде дагы каражат жетишсиз. Эгерде 2019-жылдын планына киргизилип, акча бөлүнсө кайра шагыл төгүп, оңдоп беребиз», - деди А.Жунусов.

Ошондой эле Ражапов көчөсүнүн тургундары электр энергиянын кубаттуулугунун төмөндүгүнөн сыналгы да көрө албай жатышат.

«Бизде көп жылдан бери чечилбей келген дагы бир маселе — электр жарыгы. Кубаттуулугу аз болгондуктан сыналгы да көрө албай калдык. Мектеп алыс болгондуктан окуучулар жетиде жолго чыгышат. Түнкүсүн көпчүлүк иштен кайтат, көчөлөр караңгы болуп калат», - деп кошумчалады Ибайдилла Раимов.

«Ош-Электр» ачык акционердик коомунун жооптуу катчысы Талгат Алихановдун айтымында, жаңы конушта элдин саны жыл сайын көбөйүп жатат.

«Аталган жер жаңы конуш болгонуна байланыштуу үйлөр курулуп, жашоочулар көбөйүп баратат. Тургундар өз алдынча электр зымдар менен электр жарыктарын тартып алышкан. Ал жердеги трансформатор 40-60 үйгө ылайыкташтырып коюлган эле. Бул маселе 2018-жылдын планында жок болчу. Эми 2019-жылдын планына киргизип, жаңы трансформатор коюп беребиз. Ал үчүн бюжеттен акча каралышы керек», - деди Т.Алиханов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×