Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 04.12.2018 16:39

Ошто 5 күн бою акысыз юридикалык кеңеш беришет

Turmush -  Юстиция министрлигинин акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлору 3-7-декабрь күндөрү Ош облусунун аймагындагы жарандарга акысыз юридикалык кеңеш берүү боюнча акция өткөрүп жатат. Бул тууралуу аталган министрликтин алдындагы мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун аймактар аралык бөлүмүнүн башчысы Толкун Эргешов билдирди.

Анын айтымында, акция «Акысыз юридикалык жардам декадасы» деп аталат. Максаты – укуктук жардамга муктаж жарандардын укуктарын, эркиндигин, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, укуктук аң-сезимин өстүрүү болуп саналат.

«Декада адам укуктарынын жалпы декларациясынын 70 жылдыгына карата уюштурулуп жатат. Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү акциясы Ош шаарында, мындан сырткары Ноокат, Кара-Суу, Алай, Араван, Кара-Кулжа райондорунда өтүүдө. 6 жардам көрсөтүү борборунда жалпы 7 укук коргоочу жарандарга социалдык жөлөк пулдарды, пенсияларды тариздөө, турак жай боюнча маселелер, камкордук, үй-бүлөдөгү зомбулук, мурас боюнча талаш-тартыштар, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, эмгектик укук маселелери, жол-транспорт кырсыктары жана башка укуктук маселелер боюнча акысыз кеп-кеңеш берет. Укуктук жактан жардам Кыргыз Республикасынын жарандарына, чет өлкөлүктөргө, жарандыгы жокторго жана качкындарга көрсөтүлөт», - деди Эргешов.

Ал кошумчалагандай, акысыз кеп-кеңеш берүү акциясы республиканын бардык аймактарында жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×