Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 04.12.2018 08:30

Ошто майып адамдарга азык-түлүк, акчалай жардамдар таратылды (фото)

Turmush -  Кечээ, 3-декабрда Майып адамдардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата Ош шаарында майып адамдарга жардамдар берилди.

Мэриянын маалыматына караганда, шаардын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев алардын үйлөрүнө барып кабар алып, азык-түлүктөрдү, майыптар үчүн арабаларды жана акчаларды тапшырды.

Мэрия ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдарга даректүү колдоо көрсөтүү максатында 15-ноябрдан 15-декабрга чейин «Биз биргебиз» аттуу бир айлык жарыялап, иш-чаралардын планы бекитилген. Анын негизинде Ош шаарынын аймагында жайгашкан ар бир мекеме-уюм, ишкана жана билим берүү, социалдык мекемелер материалдык колдоого муктаж, турмуш шарты оор, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга даректүү колдоолорду көрсөтүшүүдө.

Бүгүнкү күндө Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгында майып делген 2855, шаардык социалдык фонд башкармалыгында 4047 адам катталып, социалдык жөлөк пул алышат. Алардын ичинен 950 адам 18 жашка чейинки балдар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×