Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 03.12.2018 14:23

19 жаштагы айдоочу жүргүнчүнү унаасы менен сүзүп, ооруканага жеткиргенден кийин качып кеткен

Turmush -  Ош шаарында 35 жаштагы жөө жүргүнчүнү унаасы менен сүзүп, өзү качып кеткен айдоочу кармалды. Бул маалыматты Ош ШИИБден тастыкташты.

Маалым болгондой, 30-ноябрь күнү саат 19:30 чамасында белгисиз айдоочу өзүнүн «Фольксваген Гольф» үлгүсүндөгү автоунаасы менен Ош шаарынын Б.Осмонов көчөсүндө түндүктөн-түштүккө карай бара жатан. Жөө жүргүнчүлөрдүн сызыгынан өтүп бара жатканда эркек кишини сүзүп кеткен. Анын кесепетинен Ош шаарынын тургуну А.А. денесинен жаракат алып, Ош шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Дарыгерлердин аракетине карабастан жабырлануучу бир күндөн кийин көз жумду.

Маркумду айдоочу ооруканага жеткирип коюп, өзү качып кеткени маалым болгон. Андан көп узабай Ноокат районунун 1999-жылы туулган тургуну М.И. шектүү Ош ШИИБдин криминалдык милиция кызматкерлери тарабынан Ош шаарынын аймагынан кармалган. Учурда аталган кырсык боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×