Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 03.12.2018 12:03 На русском

Ошто токко урунган электрик эки колунан айрылды

Turmush -  Ош шаарында электр тогуна урунган 43 жаштагы электрик эки колунан айрылды. Turmush басылмасына булактар аркылуу маалым болгондой, окуя мындан 1 ай мурда болгон.

Жабыркаган электрик Ош шаарындагы жеке менчик үйдө электр чубалгыларын тартып жатып, кокустуктан электр тогуна урунган. Анын кесепетинен оор жаракат алып, Ош облустук ооруканасына оор абалда жеткирилген. Анын учурдагы абалы жакшы. Бишкек шаарындагы ооруканалардын биринде дарыланып жатканы маалым болду.

Токко урунганда колдору күйүп калып, дарыгерлер эки колун кесүүгө аргасыз болушкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×