Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 03.12.2018 10:26

Ош шаарында өлкөдөгү эң бийик балаты орнотулат

Turmush -  Кыргызстандагы жаңы жылдык балатылардын эң бийиги Ош шаарында тургузулат. Мэриянын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, балатыны орнотуу жана кооздоо иштерине бул жылы 1 млн 400 миң сом каражат жумшалат.

«Быйыл арча кураштыруу жолу менен орнотулуп, аны кийинки жылы да пайдаланууга болот. Бюджетти үнөмдөө максатында ушундай иштер жүрүп жатат. Мурунку арчалар бир тургузулгандан кийин жараксыз болуп калчу», - деди Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынын башчысы Азамат Абсаттаров.

Бул балатынын бийикти 27 метрге жетет. Ал эми Бишкек шаарындагы балатынын бийиктиги 25 метр болуп, ушундай эле бийиктиктеги жаңы жылдык арчаны Жалал-Абад шаарында да орнотууну көздөп жатышат.

Сүрөт: Архивден.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×