Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 02.12.2018 14:40

«Курманжан датка» атындагы Ош лицейинде Ч.Айтматовго арналган фестиваль 4 тилде өттү (сүрөт)

Turmush -  «Курманжан датка» атындагы Ош лицейинде Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата «Ак кеменин изи менен» деп аталган сүрөт жана кол өнөрчүлүк сынагы өтүп, ага таланттуу окуучулар өзгөчө кызыгуу менен катышты. Ошондой эле «Айтматовдун поэтикалык дүйнөсү» аталышында викторина жана «Айтматовдун каармандары сахнада» деп аталган маданий программалар даярдалган.

Жалпы композиция окуучулардын жана мугалимдердин назарына сунушталып, алкоого алынды. 11-класстын окуучусу Айзада Гапарова залкар жазуучу Ч.Айтматовдун өмүрү жана чыгармачылыгын чагылдырган видеофильм да даярдап, ал эмгеги менен регионалдык фестивалдын баш байгесинин ээси болуп чыга келди.

Ошону менен катар орус тили жумалыгында орус элинин улуттук тамак-аш көргөзмөсү уюштурулуп, каада-салттар менен коштолгон.

«Орус тили жумалыгыбыз бул жылы улуу жазуучубуз Ч.Айтматовдун 90 жылдык мааракесине арналып, жогорку даярдыкта өттү. Жумалыкты өткөрүүгө окуучуларыбыз менен бирге мугалимдерибиз да жигердүү катышты. Айрыкча орус тили жана адабияты кафедрасынын жетекчиси Зарема Ибрагимова эжекебиздин эмгеги зор», - деди лицейдин мүдүрү Хасан Күчүк.

Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналып фестиваль да өткөрүлдү. Бул фестиваль Мамлекеттик тил комиссиясы тарабынан жарыяланган «Эне тил жана Айтматов» аттуу үч айлыктын алкагында 6 багыт боюнча өттү.

Алар:

- Айтматовдун өмүр жолун,чыгармачылыгын чагылдырган видео-роликтерди даярдоо;

- Ч.Айтматовдун чыгармаларын сахналаштырып көрсөтүү;

- Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы каармандардын монологунан үзүндү айтуу;

- Ч.Айтматовдун чыгармаларынын негизинде чыгарылган обондуу ырлардан аткаруу;

- Ч.Айтматовдун өмүрү, чыгармачылыгы боюнча кол өнөрчүлүк жана көркөм өнөр (жазуучунун чыгармалары боюнча сүрөт тартуу, композициялык сюжетте макет жасоо ж.б.);

- Окуучулардын өздүк чыгармачылыгы («Ч.Айтматовдун жүзү – ааламда» деген аталышта залкар жазуучуга жана анын чыгармаларына же андагы каармандарга карата окуучулар өздөрү жазган ырлары, поэмалары, эссе жана дилбаяндар).

Фестиваль төрт тилде жүргүзүлүп (кыргыз, орус, түрк жана англис), ОшМунун профессору Темирова Бактыгүл баштаган калыстар тобу окуучулардын иштерине баа беришти. Жыйынтыгында алты багыт боюнча жеңүүчүлөр тандалып, атайын дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Ошондой эле «Курманжан датка» атындагы Ош лицейинин бүтүрүүчү классынын окуучулары үчүн кесипке багыттоо семинары бул жолу «Ош» аэропортунун базасында өттү. «АККА» жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Артур Эсенкулов окуучуларды күйүүчү май сактоочу лаборатория менен жеринде тааныштырып, химия-инженердик системанын иштөө ыкмасын айтып берген.

«Учурда жумушчу издеген компания биринчиден анын кесипкөйлүгүнө эмес, адамгерчилигине жана жүрүм-турумуна көңүл бурууда. Анткени, азыркы учурда дипломдуу кадрга караганда ишенимдүү кадр табуу проблема болуп жатат. Ошондуктан силер да чет тилдерин үйрөнүп, терең билим алуу менен бирге жоопкерчиликтүү инсан болууга да азыртадан баштап даярданышыңар керек», - деди А.Эсенкулов.

Менеджер мырза ошондой эле окуучулар тарабынан берилген суроолорго жооп берип, өз башынан өткөн кызыктуу окуяларын баяндап жатып: «Эр эмгегин жер жебейт, демек эч бир иштен качпагыла», - деп сөзүн жыйынтыктады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×