Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 30.11.2018 13:00

Сүрөт: Оштогу оорукананын айланасындагы 8 ашкана убактылуу жабылды

Turmush -  Бүгүн, 30-ноябрь күнү Ош шаарында санитардык талапка жооп бербеген 8 ашкана убактылуу жабылды. Бул тууралуу Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун тамак-аш боюнча жооптуу адиси Гулжан Жээнбаева билдирди.

Анын айтымында, кечээ атайын арыздын негизинде ашканалар текшерилген.

«Биз атайын арыздын негизинде Ош облусттар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын айланасындагы ашканаларды пландан тышкаркы текшерүүгө алганбыз. Анда 8 ашкананын тамак жасоочу жайы санитардык талаптарга жооп бербегени аныкталып, убактылуу жабылды. Мындан сырткары 7 дүкөндөгү азык-түлүктөр текшерилди. Жыйынтыгында мөөнөтү жазылбаган азыктар, шириндиктер сатуудан алынды», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×