Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 30.11.2018 09:30 На русском

Ошто «Ак-Буура» волейбол клубу түзүлдү

Turmush -  Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жаңыдан түзүлүп жаткан волейбол боюнча муниципалдык клубдун оюнчуларын жана машыктыруучусун кабыл алды. Бул жолугушууда шаар жетекчиси команданын курамы менен жакындан таанышып, алар менен клубдун алдыдагы ишмердүүлүгүн талкуулады, деп маалымдайт мэрия.

«Баарыңыздар билгендей Ош шаарында футбол боюнча муниципалдык “Алай” клубу бар. Алар шаардын намысын өлкөбүздө, ошондой эле эл аралык мелдештерде коргоп, жакшы жетишкендиктерди багындырып келет. Волейбол боюнча да муниципалдык клуб түзүү демилгеси көтөрүлүп, сунушту шаардык кеңештин сессиясында депутаттар колдоп берди. Команда Ош шаарынын атынан республикалык жана эл аралык мелдештерге катышат. Ал эми Ош шаарынын мэриясы клубду ар тараптан колдоп, команданын курамына ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө даярбыз», - деди Т.Сарыбашов.

Клубдун машыктыруучусу Алмаз Атабаевдин айтымында, Ош шаарынын муниципалдык клубу «Ак-Буура» деп аталган.

«Кыргызстандын Волейбол федерациясынын регламентине ылайык команданын курамы түзүлдү. Командага буга чейин волейбол менен профессионалдык деңгээлде машыгып, өлкө чемпиондугунда ойноп жүргөн оюнчуларды сыноолордун негизинде кабыл алдык. Клуб шаардык мэрия тарабынан каржыланып, оюнчуларга, машыктыруучуларга жана дарыгерлерине айлык маяна берилет. Келечекте Ош шаарынын намысын республикалык жана эл аралык деңгээлде коргоп, көптөгөн ийгиликтерге жетишебиз деген чоң үмүттөбүз», - деди А.Атабаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×