Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 30.11.2018 11:15 На русском

Тойдогу ысырапчылык, кымбат жашоо, эне тилин билбегендер... Кыргызстан түркиялык Кадыр Кыргыздын көзү менен

Turmush -  29 жаштагы түркиялык кыргыз Кадыр Кыргыз бир ай мурун боордоштору менен жолугуу үчүн Кыргызстанга келген. Ал Кыргызстандан алган таасири тууралуу аймактык кабарчы менен болгон маегинде айтып берди.

«Биринчи Бишкек шаарына бардым, ал жактагы туугандарым жакшы маанайда тосуп алды. Бирок ал жерде кыйналдым. Анткени кыргыз туугандарымдын көпчүлүгү орус тилинде сүйлөшөт экен. Мен орус тилин билбегендиктен кыргызча суроо берсем, алар мага кайра эле орусча сүйлөп, мени кыйнашты», - деди Кадыр Кыргыз.

Ал Бишкекте тамак-аш, кийим-кече, бут кийим Стамбул шаарына караганда кымбат экенине жана мырзалар кыздарды сыйлабай турганын баса белгиледи.

«Бишкектен кийин Ош шаарына келдим. Жашоочулардын сүйлөгөнү Түркиядагы вандык кыргыз туугандардын тилине окшош экен. Ал жактагы боордошторум мени абдан жакшы деңгээлде тосуп алышты. Мен күткөндөн да жакшы болду, аларды көрүп абдан кубандым», - деди ал.

Анын айтымында, элдин жума күндөрү мечиттерге барып, кары-жаш дебей жума намазын калтырбай окуганы жана жаштардын көпчүлүгү куран жаттап, намаз окуп, динге берилгендиги таасирленткен.

«Кыргызстандагы жаштар динге бекем, спорт менен дос, ал эми эли кең пейл экенине дагы бир ирет ынандым. Таза абасы, таза суусу, табыгый мөмө-жемиш, азык-түлүктөрү, улуттук тамак-аштары мага өзгөчө жакты. Тургундар күндө үйүнө чакырып коноктошту. Ар бир эки күндө тойлорго барып жаттым. Тойдо ысырапчылык өтө көп экен. Кыргыз өкмөтү кедей, калкы бай экенин байкадым. Кыргыздын ар бир кызын карындашым, эжем деп билем. Учурда бойдокмун. Буйруса канды да, салтыбызды да бузбай, кыргыз кызына үйлөнөм. Бизде вандык кыргыздар менен түркиялык кыргыздар башка улуттун кыздарын албайт дагы, башкаларга да кыз бербейт. Бирок Кыргызстандагы кыздар башка улуттун жигиттерине турмушка чыгып жатканы мени капалантты», - деди ал.

Кадыр мырзанын кийинки жылы вандык туугандары менен Кыргызстанга келүү максаты бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×