Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 28.11.2018 18:15 На русском

Куршабдыктардын 13,5 млн сому банктан кайтпай калды (видео)

Turmush -  «Аманбанктын» Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылындагы филиалына айылдын 36 тургуну депозитке бир нече жылдан бери акча сактап, бирок кайра ала албай жатышкандарын бүгүн, 28-ноябрь күнү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында билдиришти.

Тургундар 13,5 млн сомду кайтарып алууну үмүттөнүп жатышканын айтышты. Ошондой эле алар президенттен бул маселени чечип берүүнү суранышты. Тургундардын бири Акмат Рахманов тиешелүү документтер бар болсо да акчасы кайтарылбай жатканына нааразы.

«Банк бар, сактык кассасы турат. 2011-жылдан бери акча салабыз, банктан "бүгүнкү күндө кассада силердин акчаңар жок" деп жатышат. Учурда 36 адамдын сактык кассасы бар. Жалпы 13,5 млн сом банк тарабынан кайтарылбай жатат. Бизге президент Сооронбай Жээнбековдун жардамы керек», - деди Рахманов.

1 жылдан бери «Аманбанктын» Куршабдагы филиалында акча сактап жүргөнүн айткан Муктар Жээнтөрөев 2 млн сомдон ашык акчасын кайтарып ала албай жүрөт.

«Аталган банктын филиалына 1 жылдан бери депозитке акча которуп жаткам. Өзүм Орусияда иштейм. Бул арада Бишкектен комиссия келип, акчаны кайтарарын айтышкан. Бирок такыр жыйынтык жок. Банктан биздин акчаларды кайтарып берүүнү талап кылабыз», - деди Жээнтөрөев.

Банктан акчасын кайрып ала албай жаткандардын жакындары чет өлкөдө иштешет. Акчасын кайтарып ала албай жаткандардын арасында Айчүрөк Базарбаева да бар. Орусияда иштеген кызынын 3 кызын өзү багарын айткан Базарбаева кызына бул жагдайды кантип түшүндүрөрүн билбей жатканын айтты.

«Кызымдын Орусиядан жөнөткөн 500 миң сомдон ашык акчасын банкка салган элем. Эми кызыма кантип түшүндүрөрүмдү билбей турам. Өзүм ушул маселенин айынан ооруканага көп кайрылып жатам. Бишкектен келген комиссия "1-ноябрдан баштап баарыңардын акчаңарды беребиз" дешти эле. Бирок жыйынтык жок», - деди А.Базарбаева.

Ал эми Минара Мурзаева банктын кызматкерлери алардан АКИпресс агенттигине кайрылбай турууну суранганын белгиледи.

«Учурда банктын Куршабдагы филиалынын директору кармалган. Акчаны банк кайтарып бериши керек. Ошто Ч.Айтматовдун 90 жылдыгы белгиленгенде президентке ушул маселени кагаз түрүндө билдирем деп, бирок бул ишке ашкан жок. Биз бул жерге үнүбүз президентке жетсин деп келдик», - деди Мурзаева.

Ал эми «Аманбактын» жетекчисинин орун басары Алтынбек Жусупов: «Аманбанктын" Куршабдагы сактык кассасынын жетекчисин биз июль айында иштен бошотконбуз. Ал бошоп кеткенден кийин, 2-сентябрда Бишкекке Куршаб айылынын тургундары келишти. Тургундар аманат акчасы бар экенин айтышып, алардын аты-жөнүн бирдиктүү маалымат базасынан текшерсек, 36 фамилиянын бири да жок болуп чыкты. 4-5 адамдын аты-жөнү чыкты, алар чындыгында аманат акчасын салып жүрүшкөн. Бирок алар 2015-жылы эле акчаларын алып кетишкен экен.

Сактык кассанын жетекчиси мыйзамсыз иш жүргүзүптүр. Мыйзамсыз документтерди жасап, алдоо жолу менен акча каражаттарын менчиктеп алыптыр. Бул маселе боюнча биз Каржы полициясына кайрылганбыз, учурда тергөө жүрүп жатат. Анткени жашоочулар акчаны кассанын жетекчисинин үйүнө алып барышыптыр. Ал 5 убак намаз окуйт экен, мечитке акча алып баргандар да болуптур. Мындан тышкары анын атына чет өлкөдөн акча которушуптур. Азыркы күндө буга окшогон иштердин үстүнөн тергөө жүрүп жатат. Ал эми биз мыйзам чегинде иш алып барып жатабыз. Биз бул маселеде үчүнчү тараппыз. Кассанын мурунку жетекчисин Каржы полициясы кармады», - деди Жусупов.

Бул маселе боюнча «Аманбанктын» башкы кеңсеси жазуу түрүндө жооп берди.

Анда: «Аманбанктын" Өзгөн филиалына караштуу Куршаб айылында жайгашкан сактык кассасынын башчысы Ж.А. 2018-жылы 25-июлда кызматынан бошотулган. 2018-жылдын сентябрь айынан баштап Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургундары банктын Өзгөн филиалына аманат салгандары тууралуу кайрылышкан. Банк тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү учурунда кайрылган жарандарга берилген аманат документтери жасалма, ал эми андай аманаттар банктын бирдиктүү маалымат базасында жок экендиги, банктын кассасына бул аманаттар түшпөгөндүгү аныкталган.

Түшкөн маалыматтарга ылайык, кайрылган жарандар аманатка берген акчаларын көпчүлүк учурда сактык кассасынын мурдагы кызматкери Ж.А.нын үйүнө алып барып берип же чет өлкөлөрдөн келген (РФ) которууларды анын атына жиберишкендиги белгилүү болгон.

Андан сырткары 2014-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын улуттук банкы тарабынан киргизилген тике банктык көзөмөл режимине ылайык банк аманаттарды кабыл албайт. Бүгүнкү күндө банк мурунку мыйзамдуу алынган аманаттар менен мыйзамга ылайык иш жүргүзүп келет. Буга байланыштуу Өзгөн филиалы Ж.А.нын мыйзамсыз иш жүргүзгөнүн, документтерди жасалма жана алдоо жолу менен жасап, акча каражаттарын менчиктеп алганын, кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланганын аныктоо боюнча банк Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Ош облустук Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына кайрылган. Банктын жетекчилиги жабыр тарткан жарандардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга Турдубаев Жамшит, Орозалиев Жуман, Исакова Салимахан катышкан.

2018-жылдын октябрь, ноябрь айларында Өзгөн районундагы жабыр тарткан жарандар менен бир нече жолугуулар өтүп, башкармалыктын эки жооптуу кызматчысы жолугушууларда банк тарабынан бардык маалыматты берген. Бүгүнкү күндө тийиштүү күч органдары тарабынан тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Аталган текшерүүнүн жыйынтыгы менен банк жапа чеккен жарандардын аманаттары боюнча так юридикалык баасын күтөт жана керектүү чаралар колдонулат деп терең ишенет. Бирок ортодо элди туура эмес жолго буруп, банкты жаманатты кылуу аракеттер болуп жатат. Башкармалыктын Төрагасы Абиров Н.А», - деп жазылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×