Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 28.11.2018 14:29

Ош шаарындагы жашоочулар дарыгерлер менен жол тескөөчүлөргө сын айтышты

Turmush -  Кечээ, 27-ноябрда Ош шаарынын Алымбек датка жана Манас-Ата аймактык кеңешинин жашоочулары мэр Таалайбек Сарыбашов менен жолугушту. Жолугушууга Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов, депутаттар жана мекеме-ишканалардын жетекчилери да катышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жашоочулар негизинен унаа тыгын, ички жолдорду ачуу, мыйзамсыз курулуштар боюнча маселелерди көтөрүштү. Мындан тышкары жол коопсуздугун караган милиция кызматкерлери менен дарыгерлердин ишине сын айтылды. Шаар башчысы тургундардын суроолоруна жооп берип, айтылган көйгөйлөрдү чечүүгө аракеттер болуп жатканына токтолду.

жолугушуу

«Унаа тыгындарды жоюу боюнча аракеттер көрүлөт. Алдыда жолдорду ачуу, ички жолдорду кеңейтүү боюнча пландар бар. Жолугушууларда дарыгерлердин ишине нааразычылыктар көп айтылып жатат», - деди ал.

Мэр мыйзамсыз курулуштарга да токтолуп, 27 курулуш токтотулганын, учурда сот процесси болуп жатканын айтты.

жолу

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×