Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 28.11.2018 15:04

Ошто ВИЧ-инфекциясы акысыз текшерилип жатат. Төрт адамдан илдет аныкталды (видео)

Turmush -  ВИЧ-инфекциясы алгачкы баскычта аныкталса, аны жугузуп алган адам атайын медициналык кароодон өтүп, дарыланып турса, анын жашоосу илдетти жугузбаган адамдыкынан айырмаланбайт. Мындай маалыматты бүгүн, 28-ноябрь күнү АКИпресс-Оштогу маалымат жыйында Ош облустук СПИД менен каршы күрөшүү борборунун дарыгерлери билдирди.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын аймагында ВИЧ-инфекциясын көпчүлүк жарандар жыныстык жол аркылуу жугузуп алган. Маселен, 2018-жылы ВИЧ-инфекциясын жыныстык жол аркылуу жугузуп алгандар 63,5 пайызды (384 адам) түзгөн. Бул көрсөткүч 10 жыл мурункуга караганда алда канча көп. Анткени 10 жыл мурун илдетти жугузуп алгандар 28 пайызды (144 адам) түзгөн.

Ош облустук СПИД менен каршы күрөшүү борборунун дарыгери Асан Дурусбеков 1-декабрь — Бүткүл дүйнөлүк СПИД менен күрөшүү күнүн утурлай 1 айлык иш-чара жарыялангандыгын белгиледи.

«1 айлык иш-чаранын алкагында аймактык кеңештерде, жогорку окуу жайларда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. ВИЧ, СПИД боюнча маалыматтар берилүүдө. Ошондой эле Оштогу жогорку окуу жайлардын биринин медициналык клиникасында акысыз экспресс текшерүү жүрүп жатат. Жарандар биздин борбордон да текшериле алышат. Дагы бир айта кетүүчү жагдай, текшерүүнүн жыйынтыгы анонимдүү болот. Бүгүнкү күндө медициналык клинакада 100дөн ашуун адам текшерүүдөн өттү. Окуу жайдын медициналык клиникасындагы текшерүүдө бул илдетти жугузуп алгандар каттала элек. Ал эми биздин борбордон текшерилген 50дөн ашуун жарандын ичинен 4 адам ВИЧ-инфекциясын жугузуп алгандыгы аныкталды», - деди Дурусбеков.

Аталган борбордун дагы бир дарыгери Улукбек Моторов ВИЧ менен СПИДдин айырмасын атады.

«Бүгүнкү күндө ВИЧ менен СПИДдин айырмасын билбеген жарандар бар экен. ВИЧ-инфекциясы 4 баскычтан турат. Алгачкы баскычы ВИЧ деп аталса, 4-баскычта СПИД деп аталат. ВИЧ СПИДке өтүп кетсе, тактап айтканда ВИЧ 4-баскычка жетсе, адамдын иммунитети начарлап, ооруларга каршы күрөшө албай калат. Мындан улам көп ооруларга чалдыгат. ВИЧ 3 жол аркылуу жугат. Биринчиси — медициналык шаймандардан (колдонулган шприц) жана башкалар, экинчиси — энеден балага, үчүнчү жол — жыныстык катнаш. Азыркы күндө жыныстык жол аркылуу жугузуп алгандар көп кездешип жатат. Алардын көпчүлүгү аялдар жана мигранттар болуп саналат.

2012-2013-жылдары жыныстык жол аркылуу илдетти жугузуп алган аялдардын саны 22 пайызды түзгөн. Бүгүнкү күндө 32 пайызды түзөт. ВИЧти жугузуп алган аялдардын жаңы төрөлгөн ымыркайына илдет жугушу да, жукпашы да мүмкүн. ВИЧ илдетин кайсы жол менен жугузуп алсаңыз да ал өмүрдүн акыркы күнү эмес. Бүгүнкү күндө бул илдет менен жашагандар көп. Инфекцияны жуктуруп алгандар деле үйлөнүп жатат. Болгону медициналык кароодон өтүп, дары-дармек ичип туруусу керек. ВИЧти жугузуп алган аялдын баласына илдет өтүп кетпөөсү үчүн атайын дарылайбыз», - деди Моторов.

Ушул жылдын 1-ноябрына карата Ош шаарында ВИЧ-инфекциясын жуктуруп алган 1089 адам катталды. Ал эми Ош облусу боюнча 1447 адам бул илдетти жуктуруп алган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×