Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 28.11.2018 12:32

83 үй-бүлө жашаган Оштогу санаторий электр энергиясына 3,2 млн сом карыз

Turmush -  Ош шаарындагы «Ак-Мөөр» профилактикалык санаторийинин электр энергиясына карызы 3 млн 200 миң сомго жетти. Бирок «Ош электро» ишканасы электр энергиясын өчүрө элек. Бул тууралуу санаторийдин ээси Ибайдилла Бидинов билдирди.

Анын айтымында, 2008-жылы аталган санаторийди аукциондон 4 млн 670 миң сомго сатып алган. Учурда 10 жылдан бери санаторийде мыйзамсыз жашап жаткан 83 үй-бүлөнү чыгара албай соттошуп жатат.

«Аталган санаторий буга чейин "Текстильщик" ачык акционердик коомуна таандык болчу. Алардан сатып алгам. Мен алганга чейин эл ал жерге 10-15 күнгө жолдомо менен келип, эс алып жүрүшкөн. Санаторий жашоо үчүн берилген эмес. 83 үй-бүлө текстилде иштегенин айтып, кирип алышкан. 10 жылдан бери өзүм сатып алган жерге ээ боло албай жатам. Жашоочулар электр энергияга болгон карызды төлөгөн эмес. Учурда карыз 3 млн 200 миң сомго жетти. "Ош электро" ачык акционердик коомуна барып, электр энергиясына акчасын төлөбөй турганымды айтып, арыз менен кайрылгам. Жарыкты өчүрүп салууну өтүнгөм, бирок аткырылган жок», - деди ал

Ибайдилла Бидинов

ак моор 5 Ал эми «Ош Электро» ачык акционердик коомунун басма сөз катчысы Талгат Алихановдун айтымында, санаторий бир эле адамдын атына катталган. Мындан улам менчик ээси электр энергиясына болгон карызга өзү жоопуу.

«Бизде бул профилактикалык санаторий бир эле абоненттин атынан катталган. Ар бир жашоочуну каттаган эмеспиз. Менчик ээси карызды жашоочулардан өзү чогултуп, төлөшү керек. Буга чейин электр энергиясы өчүрүлгөн. Бирок жашоочулар нааразы болуп, кайра жарык берүүгө аргасыз болгонбуз», - деди Т.Алиханов.

Буга чейин милиция кызматкерлери 7-августта Ош шаарындагы Манас-Ата кичи районунда жайгашкан Ак Мөөр жатаканасынын жашоочуларын күч менен чыгаруу аракетин көрүшкөн. Бул жатаканада жалпы 500гө жакын адам жашай турганы белгилүү болду, деп билдирген аймактык кабарчы.

Ак Мөөр санаториялык-профилакториясы турак жай деп эсептелбейт. Он жылдан бери соттошуп келе жатышкан эки тарап үйлөрдү сатып алуу боюнча бир келишимге келе албай келишет. Жатакана тибиндеги көп кабаттуу үйдө жашаган 83 үй-бүлөнүн айрымдары имараттын ээси ким экенин да билишпейт. Ал эми Ош шаардык сотунун басма сөз катчысы Бекзат Осмонкулов тургундар жашаган имарат пахта комбинатынын эс алуу жайы болгонун, имаратта жашоо мүмкүн эместигин айткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×