Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 28.11.2018 11:22

Оштогу кылым карыткан сейил бак оңдолуп бүтө электе түнкү чырактарды талкалап кетишти (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарындагы Токтогул сейил багы толугу менен капиталдык оңдоодон өтүп жатат. Буга карабай түнкү чырактар, кароолчулардын имаратынын терезелери окуучулар тарабынан талкаланып, ишке тоскоолдуктар жаралып жатканын Ош шаардык жашылдандыруу жана көрктөндүрүү чарба комбинатынын басма сөз катчысы Иманбек Советбеков билдирди.

Анын айтымында, окуучулар 25-ноябрь күнү сейил бактагы кароолчулар отуруучу имараттын терезесин талкалап кетишкен.

«Аларды сейил бактын кароолчусу кармап, жаш өспүрүмдөр менен иштеген тескөөчүгө өткөрүп берген. Милиция кызматкерлери окуучулардын ата-энелерин чакырып, сынган терезелерди салдырган. Окуучулар тарабынан тоскоолдуктар көп болууда. Жаңы орнотулган видеокөзөмөлдүн түркүгүн да кыйшайтып кетишкен. Жол боюндагы түнкү чырактарды да талкалашууда», - деди ал.

Токтогул сейил багынын түптөлгөнүнө быйыл 100 жыл толду. Мааракеге карата жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнүп, сейил бак толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Учурда таман таш төшөө, отургучтарды орнотуу, айланасын тосуу иштери гана калганын Ош шаардык мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын орун басары Шумкарбек Пайзиев билдирди.

«Токтогул паркын оңдоо үчүн 2017-жылы 20 млн сомго тендер жарыяланган. Тендерди төрт компания 4 багыт боюнча 14 млн 796 млн сомго утуп алышкан. Тендерден утуп чыккан компаниялар арка, түнкү чырактарды орнотуу, канализация, суу түтүктөрүн алмаштыруу боюнча иш алып барышкан. Ал эми 2018-жылы парктын ички жолдоруна таш тамандарды төшөө иштери үчүн жергиликтүү бюджеттен 17 млн сом каралган. Учурда 6,5 миң чарчы метр жолго таш таман төшөлүп бүттү. Таш тамандар 3 жылдык кепилдик менен төшөлүп жатат.

Мындан сырткары парктын айланасын кооздоо, тепкичтерди оңдоого 4 млн сомго жакын каражат каралган. Учурда ажаткана куруу, отургучтарды орнотуу, таш тамандарды төшөө иштери жүрүп жатат. -5 градус суук болгонго чейин иш уланат», - деди Ш.Пайзиев.

Токтогул сейил багына бейөкмөт уюмдар тарабынан 40 видеокамера орнотулган. Жалпы аянты 9 гектарды түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×