Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 28.11.2018 09:15 На русском

Бүгүн Ош шаарынын айрым аймактарында электр жарыгы жок болот

Turmush -  Бүгүн, 28-ноябрда саат 09:00дөн тарта 17:00гө чейин Ош шаарынын айрым аймактарында убактылуу электр жарыгы өчүрүлөт. Мындай чектөөлөр көмөкчү чордондордогу оңдоо иштерине байланыштуу, деп маалымдайт мэрия.

Электр жарыгы Манас-Ата кичи районунда, Раззаков, Салиева, Касымбеков көчөлөрүндө жок болот. Ошондой эле Шарк айыл аймагында, Фуркат, Таштак айылдарында, Маруфий, Бабура, Бакин, Кош-Таш көчөлөрүндө электр жарыгы өчүрүлөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×