Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 27.11.2018 18:15 На русском

Наримандагы жер чыры: Айыл өкмөттөгү жерлер сатылган эмес, - айрым жашоочулар (видео)

Turmush -  Кара-Суу районуна караштуу Нариман айыл өкмөтүндөгү спорт залга тиешелүү аймак жана 3 гектарга жакын жер да сатылган эмес. Бул тууралуу бүгүн, 27-ноябрь күнү АКИпресс-Оштогу маалымат жыйында Нариман айыл аймагына караштуу Жийделик айылынын айрым жашоочулары билдиришти.

Аталган айыл өкмөткө караштуу Жийделик айылынын жашоочусу Насиба Ишенова Нариман айыл өкмөтүндөгү спорт залдын 10 сотых жери сатылып кеткени тууралуу маалымат жалган экенин билдирди.

«Кечээ жергиликтүү телеканалдарда Нариман айыл өкмөтүнүн айрым жашоочулары спорт залдын 10 сотых жери сатылып кеткени тууралуу айтышты. Бул маалымат жалган. Эч кандай жер сатылган жок. Менин балам аталган спорт залда машыгат. Анан калса ал жерге тигүү цехи да курулууда», - деди Ишенова.

Жийделик айылынын дагы бир жашоочусу Дилноза Арипова да жогоруда айтылган сөздөрдү бышыктап, 6-класстан кийин билим алган эмес делген Нариман айылдык кеңешинин депутаты Мансур Кадыров жогорку окуу жайды аяктаганын белгиледи.

«Мансур Кадыров Жийделик айылынан депутат болуп шайланган. Аны биз шайлаганбыз. Ал айылга асфальт төшөөгө, суу чыгарууга көмөктөштү. Ал мектепти да аяктап, жогорку окуу жайын да бүтүргөн. Ал эми айыл өкмөт башчысы Улукбек Рахмановдун диплому облустук сот тарабынан жараксыз деп табылды. Ал сотто акча жегенин мойнуна алганы айтылууда. Кимдин ким экенин жашаган үйүнөн эле билсе болот. Мансур Кадыров чатыры жабыла элек эки бөлмөлүү үйдө жашайт», - деди Арипова.

Жогоруда айтылган сөздөр боюнча аталган айыл өкмөттүн башчысы Улукбек Рахманов: «Бюджеттен акча жеди деген маалыматтын баары жалган. Лангар айылына суу чыгаруу, өзүбүздүн имараттын чатырын жабуу иштеринде "бирөөнүн кызыкчылыгы бар" деп текшеришти. Бирок баары мыйзамдуу болду. Эми бул депутаттын мыйзамсыз иштерине жол бербей койгонум үчүн мени жамандап жатышат. Анын окуганы же окубаганы боюнча маалыматым жок. Маалымат жыйын уюштурган адамдардан ал депутат кайсы жерде иштей турганын сурап көргүлө, эч жерде иштебейт.

Кечээ жергиликтүү телеканалдарда "2012-жылы спорт залдын жерин үлүш катары берүү боюнча маселени депутаттар колдобой коюшкан" деп бир депутат маалымат берди. 2013-жылы булар кантип ал жерди сатып жибергенин мен такыр түшөнө албай турам», - деп жооп берди.

Сөз болуп жаткан айылдык кеңештин депутаты Мансур Кадыров менен байланышууга мүмкүн болгон жок.

Буга чейин Ош шаардык соту Нариман айыл өкмөтүнүн башчысы Улукбек Рахмановдун дипломун жараксыз деп тапкан. Кийинчерээк иш Ош облустук сотуна өткөн. Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, облустук сот Ош шаардык сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырып, диплом жараксыз деп табылган. Ал эми Улукбек Рахманов бул чечимге макул эмес, ал Жогорку сотко арызданарын билдирди.

Кара-Суу районундагы Нариман айыл өкмөтүндө жерлер мыйзамсыз сатылып жатканын айрым жергиликтүү жашоочулар кечээ, 26-ноябрь күнү уюштурулган маалымат жыйында айтып, президентке кайрылышкан болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×