Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 27.11.2018 17:04 На русском

Аялдардын жана кыздардын укугун коргойлу: Оштогу сейил бакта «Сары кол чатыр» аллеясы ачылды (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 27-ноябрда Ош шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы сейил бакта аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктарды токтотууга коомчулуктун назарын буруу максатында «Сары кол чатыр» аттуу аллея ачылды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Ачылыш аземдин алкагында «Дүйнөнү кызгылт сары кылып, аял мигранттардын укуктарын коргоо үчүн» урааны астында иш-чара өткөрүлдү. Бул иш-чара эл аралык 16 күндүк кампаниянын алкагында жыл сайын 26-ноябрдан 10-декабрга чейин аялдардын жана кыздардын зордук-зомбулукка кабылуусуна жол бербөө жана алардын укуктарын коргоо максатында өткөрүлүп келет.

«Эл аралык изилдөөлөрдө мигрант кыз-келиндер көбүнчө психологиялык жана физикалык жактан зордук-зомбулукка дуушар болору айтылат. Мигранттардын үй-бүлөсү чет жакка чыгып жатканда өз укуктарын билишпейт. Анткени алар жаш кыздарды да бала багуучу кылып жумушка орноштурушат. Ал жерде жаш кыздар өз укуктарын билбей, зордук-зомбулукка кабылып жатат. Бүгүнкү иш-чарабыз да "Кел мени уккула, аялдардын жана кыздардын укугун коргойлу" деген аталышта өтүп жатат», - деди миграция боюнча эл аралык уюмдун программалык ассистенти Алмаз Атамиев.

Ал эми Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн кызматкери Максат Орозалиев: «Ош шаарында жана шаарыбыздын аймактык кеңештеринде аялдарга укуктук окутуулар жана семинарлар уюштурулуп жатат. Учурда шаарда "Ак жүрөк" кризистик борбору зордук-зомбулукка кабылган аялдарга жардам берет. Ал жерге негизи Ош шаарындагы эле эмес, түштүк аймак боюнча кыз-келиндер кайрылышат», - деди.

«Сары кол чатыр» аллеясын ачуу демилгеси Ош шаардык мэриясы жана бейөкмөт уюмдар тарабынан ишке ашырылган. Иш-чарага 300дөй жаштар катышып, ар кандай кызыктуу оюндар өткөрүлдү. Мындан тышкары Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт мектебинин башталгыч класстарынын окуучулары «Өзүмдүн сүйүктүү апакем» деген темада сүрөт тартышты. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө баалуу белектер тапшырылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×