Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 27.11.2018 15:27 На русском

30 жаштагы Иззатбек Берхмаматов Ош шаардык жаштар комитетинин төрагасы болду

Turmush -  Иззатбек Берхмаматов Ош шаардык жаштар комитетинин төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэр Таалайбек Сарыбашов бүгүн, 27-ноябрда кол койгонун мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Иззатбек Берхмаматов буга чейин шаардык кеңеште жетектөөчү адис болуп иштеп жаткан. Ал учурда 30 жашта, үй-бүлөлүү жана 4 баланын атасы.

Ал буга чейин Сары-Челек көлүнө чөгүп бара жаткан адамдын өмүрүн сактап калганы үчүн ыраазычылык баракча менен сыйланган. Ал 23-июлда Сары-Челек коругунда сууга чөгүп бараткан адамды алып чыккан.

И.Берхмаматовду бул эрдиги үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгы, Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын жана Ганнс Зайдель фондунун стипендианттарынын координациялык кеңеши ыраазычылык баракча менен сыйлаган.

«Президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясынын республика боюнча 168 бүтүрүүчүсү Сары-Челекке барганбыз. Ошондо Самат байке менен жолдо таанышып калдык. Сары-Челекке барганда ал көлдүн тайыз жерине түшөйүн деди. Көпчүлүктөн 20 метр алыста, тайыз жерде сүзүп жатып алыстап кетти. Бир маалда карасам сууга кирип-чыгып жатты, же кыйкырып жардамга чакырбайт. Өзүм чөгүп жатканын байкап калып, кийимим менен эле сүзүп барып, аны суудан алып чыктым.

Суу жутуп алган экен, жөтөлүп кыйналды. Кудай сактады, үй-бүлө, бала-чакасы бар экен», - деген Иззатбек Берхмаматов.

30 жаштагы Иззатбек Президентке караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын бүтүрүүчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×