Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 27.11.2018 16:23 На русском

Илдет менен күрөшпөй жүрө бергениме дарыгерлер менен ата-энем күнөөлүү, - ВИЧ-инфекциясын жуктурган окуучу

Turmush -  Ош шаарында 1-декабрь — СПИДге каршы күрөшүү күнүнүн алдында иш-чара өткөрүлдү. Ага Ош облустук СПИД менен күрөшүү боюнча борбордун дарыгерлери жана бейөкмөт уюмдар катышты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Дарыгерлердин айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстандын түштүгүндө СПИД илдетин жуктуруп алгандар статусун ачыктай элек. Аталган илдетти жуктуруп алгандардын оорусу элге белгилүү болуп калса, алар коомчулук тарабынан кодулоого алынат. Ошондуктан СПИД менен ооруган адамдар коомчулукка өзүн таанытууда качат.

Ош облустук СПИД менен күрөшүү боюнча борбордун башкы дарыгери Эльмира Нарматова аталган илдетти жуктуруп алгандарды кодулоо курч көйгөйлөрдүн бири экенин белгиледи.

«Кыргызстанда 2000-жылы 1 жаран өзүнүн статусун тааныткан. Андан кийин 2016-жылы ВИЧ боюнча конференцияда 2 жаран өзүн ачыктаган. Алар азыр деле өзүнүн көйгөйлөрү менен бөлүшүп турат. Ал эми түштүк жергесинде өзүнүн статусун массалык маалымат каражаттарына ачык айткан жарандар жок. 2008-2010-жылдары бир үй-бүлөдөн ВИЧ илдети аныкталып, аны айылдаштары билип калып, ал үй-бүлөнү кодулап, алар айылдан көчүп кетишкен. Мындан сырткары бала бакчага кабыл алып жатканда бир бала ВИЧ илдетине чалдыкканы билинип, аны албай койгон учур болгон. Азыркы күндө мындай фактылар жок», - деди Нарматова.

Учурда Кыргызстанда ВИЧ илдетин жуктуруп алган 8679 учур расмий катталган. Республикалык «СПИД» борборунун маалыматы боюнча, өлкөдө илдетти жуктуруп алуу жолдору өзгөрө баштады. 2018-жылы ВИЧ-инфекциясын жыныстык жол аркылуу жугузуп алгандар 63,5 пайызды (384 адам) түзгөн. Бул көрсөткүч 10 жыл мурункуга караганда алда канча көп. Маселен, 10 жыл мурун жыныстык жол аркылуу илдетти жугузуп алгандар 28 пайызды (144 адам) түзгөн.

Ош облусунда илдетти жугузуп алгандар өздөрүн ачыктай элек болгону менен тар чөйрөдө мындай маалыматтар белгилүү болот. Маселен, атайын адистердин жардамы менен ВИЧ илдетин жугузуп алган жарандар өз ара байланышып, пикир алышып турушат.

14 жашында белгисиз жол менен ВИЧ илдетин жугузуп алган мектеп окуучусу учурда 18 жашта. Ал билим алууну кечки мектепте улантып жатат. Азыркы күндө ал бул илдетке чалдыкканын коомчулукка айткысы келбейт.

«2014-жылы кургак учук боюнча анализ тапшырганда ВИЧ илдети билинген. Мен 3 жыл жөн эле жүрө берип, бул илдет менен 2017-жылдан баштап күрөшө баштадым. 3 жыл күрөшпөй жүрө бергениме дарыгерлер менен ата-энем күнөөлүү. Анткени дарыгерлер мага толук маалымат беришкен эмес. Ал эми ата-энем "14 жаштагы бала да, кайдан ВИЧ болсун" деп кенебей коюшкан. Бул илдетти эмнеден жугузуп алганымды айта албайм.

Быйылкы жылдын жаз айынан баштап СПИД борбордун психологу менен сүйлөшүп, лагерлерге бара баштадым. СПИД борборундагы өспүрүмдөр менен достошкондон кийин бул оору менен күрөшсө болорун билдим. Чет өлкөлөргө бардым, ал жакта да илдетти жугузуп алгандар менен сүйлөштүм. Алгач ВИЧ илдетин жугузуп алганымды укканда депрессияга кабылып, өзүмдүн бөлмөмдөн чыкпай жүрдүм. Бирок мындай кылууга болбойт экен. Илдетти жуктуруп алганга чейин юрист, экономист болгум келчү. Бирок илдет аныкталгандан кийин психолог болууну чечтим. Психолог болуп, бул илдет менен жабыркаган балдарга моралдык жардам берем деп ойлойм», - деди аты-жөнүн жашырган окуучу.

Дүйнөлүк практикада ВИЧ илдетине чалдыккан жаран тиешелүү медициналык жардамдарды алуу менен 75 жашка чейин жашаганын дарыгерлер белгилешет. СПИДдин алгачкы башталышы ВИЧ илдети болуп саналат. Качан гана ВИЧ илдетти 4-баскыча жеткенде СПИД деп аталат.

Ушул жылдын 1-ноябрына карата Ош шаарында ВИЧти жуктуруп алган 1089 учур катталган. Ал эми Ош облусу боюнча 1447 адам ВИЧ илдетин жуктуруп алганы аныкталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×