Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 27.11.2018 13:44 На русском

Ошто аш буюртма берип, акысын төлөбөй, коркуткан милиционерге чара көрүлөт

Turmush -  Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү тарабынан коркутуу болуп жаткандгын айткан Ош шаарынын тургуну, ишкер Жусур Парпиев Ош ШИИБдин башчысы Мурат Боронов менен жолугушту.

Анын айтымында, милициянын кызматкерлери коомдук тамактануучу жайдан аш буюртма беришип, анын акысын төлөөдөн баш тартып, аны коркутуп баштаган.

«ШИИБдин башчысы менен жолугушууда ал ошол милиция кызматкерин чакырды жана ага карата тиешелүү чаралар көрүлө турганын билдирди», - деди Парпиев.

Буга чейин Ош шаарындагы ишкер Жасур Парпиев коркутуулар болуп жатканын социалдык тармактагы баракчасына жазып, мамлекеттик кызматкерлер да ишкерлердин ишине тоскоол болуп жатканын айткан.

«Мен милиция кызматкерлерине кайрылдым. Ашты табакка салдырып, акчасын төлөбөй коркуткандар да бар. Алар үчүн бул чоң каражат болбошу мүмкүн, бирок жаш ишкерлер үчүн чоң эле акча. Мамлекет ишкерлерди колдойбуз дегени менен колдобой эле, тоскоолдук кылып жатышат», - деп жазган ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×