Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 27.11.2018 10:46 На русском

Оштогу Сулайман-Тоо үңкүрүндөгү кафе-бар күтүү залына айланды (сүрөт)

Turmush -  Ош шаарындагы Сулайман-Тоо үңкүр музейиндеги кафе-бар 40 жылдан кийин күтүү залына айланды. Бул тууралуу «Сулайман-Тоо» улуттук тарыхый археологиялык музей комплексинин эстеликтерди коргоо бөлүмүнүн башчысы Шайыр Абжапарова билдирди.

Анын айтымында, Сулайман-Тоо үңкүрүндө буга чейин күтүү залы болгон эмес.

«Тоо боорундагы үңкүр музей 1978-жылы ачылган. Ошол кезде музейдин ичинде кафе-бар уюштурулган эле. Быйыл сырттан келген туристтер, зыяратчылар үчүн кафе-барды жоюп, күтүү залын уюштурдук. Атайын монитор орнотуп, ага Сулайман-Тоо боюнча видео роликтерди жайгаштырдык. Мындан сырткары көп жылдан бери иштебей турган ажаткана да ишке кирди. Маданият, маалымат жана туризм министри Сулайман-Тоого ажаткана курууга уруксат берсе, даараткана курууну пландап жатабыз», - деди Ш.Абжапарова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×