Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 10-декабрь
Ош облусу, Ош 27.11.2018 09:24 На русском

Чиновниктер жеген ашынын акчасын төлөбөй кетишет: Ош ШИИБ жаш ишкердин билдирүүсүн текшерет

Turmush -  Ош шаарында жаңыдан иш баштаган ишкер Жасур Парпиев коркутуулар болуп жатканын социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты. Ал мамлекеттик кызматкерлер да ишкерлердин ишине тоскоол болуп жатканын жазган.

Анын билдирүүсүндө: «Кыргызстанда иш кылгыла, баары жакшы болот деп айтышат. Бирок тилекке каршы, тескерисинче мамлекетте иштегени да, башкасы да келип, коркутуп-үркүтсө кантип иштейбиз? Бизде же таанышың, же акчаң көп болуш керек экен. Же бирөөгө жагынып жашаш керекпи? Ишкерлерге колдоо кана? Келип алып, сени менен кийин сүйлөшөбүз дегендер көбөйүп кетти го», - деп жазылган.

Жасур Парпиев Ош шаарындагы коомдук тамактануучу жайдын жетекчиси. Ал мындай коркутуулар биринчи жолу болбогонун айтты.

«Мен бүгүн бул боюнча милиция кызматкерлерине кайрылдым. Ашты табакка салдырып, акчасын төлөбөй коркуткандар да бар. Алар үчүн бул чоң каражат болбошу мүмкүн, бирок жаш ишкерлер үчүн чоң эле акча. Мамлекет ишкерлерди колдойбуз дегени менен колдобой эле, тоскоолдук кылып жатышат», - деди ал.

Ал эми Ош ШИИБден билдиришкендей, ишкер Жасур Парпиевдин маалыматы текшерилип, аны коркуткандар такталат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×